ИБИЛИС (арабча иблис — шайтан) — ислам дининде адамды азгырып күнөөгө батыруучу, ак жолдон адаштыруучу мифтик-фантастикалык образ. Эпосто И. мифтик терс каарман катары кездешет, айрым терс каармандарды (мисалы, Нескараны) азгырып, тескери жолго түртөт.