-
ЖАБАГЫ
-
ЖАБАГЫ — этноним. Борбор жана Орто Азиядагы түркий уруунун аты. Ж. уруусунун бир бөлүгү кыргыздарга да жуурулушкан. Түрктүн улуу аалымы Махмуд Кашкар (11-к.) йабаку, кыргыз, кыпчактардын көк кылычты алдыга коюп шерттешүү салты жалпы болгондугу тууралуу эскерген. Ошондой кылымдардагы фарсы булактарында «йабаги» аттуу түркий этноним жолугат. «Манас» эпосунда Ж. адамдын энчилүү аты катары эскерилет: «Аскардын уулу Жабагы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 238). Бул ысым кыргыз урууларынын бири үчүн этноним болуп калган.
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жабагы