Menü
Эл-Сөздүк

аяр

аяр I
ар.
волшебник, кудесник, чародей; провидец, прозорливый; искусник;
ою терең аярлар фольк. мудрые кудесники;
Коңурбайдын көп аяр калбай даяр болуптур, аярдын соккон ак балта ушу күнү бүтүптүр фольк. большое число искусников Конгурбая было налицо, выкованная искусниками белая секира была в тот день готова;
аяр жуван южн. мастерица, искусная рукодельница;
аяр тарт- быть предусмотрительным.
аяр II
то же, что аял I;
акырын алачыкка жетип келдим, түлкүдөй аяр басып шарпа кылбай стих. тихонько подошёл я к шалашу, ступая осторожно и бесшумно, как лиса;
Сапарбай, аяр басып үйгө кирди Сапарбай неслышными шагами вошёл в дом.

АЯР

АЯР — эпосто бардык иш колунан келген, дегеле билбегени жок сыйкырдуу касиети бар адам: «Актарга мылтык оңдогун Аярың болсо жоктогун», же «Аяр Култаң барганы айтып кабар салганы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 72). А. эпос боюнча кыргыздарда да, алардын душмандарында да болгон. «Манастын» варианттарында А. деген сөз ар түрдүү мааниге ээ: коргоочу, сактоочу, сыйкыр, сыйкырчы, кандайдыр дубанын күчү менен өз каалаганын ишке ашырып алуу касиетине ээ болгон адам жана башкалар Ал «Манас» эпосуна араб-фарсы адабиятынын таасири менен кирген. А. араб тилинде митайым, шүмшүк, эр жүрөк, бекерчи, ууру, уюштургуч деген маанидеги түшүнүктөрдү билдирет. Мисалы, орто кылымдарда А-лар Рудакиде, Ирандын эски тарыхый чыгармасы «Тарих-е Систанда», «Саман аяр» деген 11-кылымдарда жазылган фарсы дастанында жана башкалар чыгармаларда чагылдырылып, чындык турмуштагы эле адамдар болгон. Алар уурулук, каракчылыкты мамлекетке кызмат өтөө менен айкалыштырышкан. Ошентип, орто кылымдардагы Орто Азия аймагында тараган чыгармалар аркылуу кыргыз жомокчулары өздөрүнүн репертуарына акырындык менен киргизип отуруп, кийинчерээк «Манас» эпосунун нукура сиңип кеткен сөзү катары айтылып калган.
И. Молдобаев

аяр

I сын. Айлакер, сыйкырчы, келечегин алдыртан ойлой билген амалкөй. Сыйкырчы кемпир бар эле, Эл азгырып бүлдүргөн Абдан аяр жан эле («Эр Төштүк»). Ашкан аяр Карагул, Алгараны алкынтып, Өзү минип бастырды («Семетей»).
АЯР II аял II менен бирдей.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: