Menü
Эл-Сөздүк

АЖО

АЖО- Ажа (моңголчо ажа — ата) — Эне-Сай кыргыздарынын 840-жылдарындагы башкаруучусу. Ал уйгур кагандыгынын борбору, Орхон дарыясынын боюндагы Орду-Балык (ХараБалгас) шаарына жүз миң аскери менен барган. Кытай авторунун маалыматы боюнча уйгур ханынын сарайын талкалоого өзү катышкан. 847-ж. дүйнөдөн кайткан. Андан кийин кыргыздар бытырап, бүлүнгөн экен. Ошондон улам «ай деп коёр Ажоо жок, кой деп коёр кожо жок» деген ылакап чыккан. Кийин «ажа» (моңголчо ата) деген маанидеги сөз тараган. Кээ бир изилдөөчүлөр ушул А-ну Манастын прототиби катары карашат.


Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: