|
Тарифтик жеңилдиктер (тарифтик преференциялар)
|
|
ТАРИФТИК ЖЕҢИЛДИКТЕР (тарифтик преференциялар) – КРдин бажы чегарасынан өтүүчү товарларга карата өзара макулдашылган шарттарда же бир тараптуу берилүүчү жеңилдиктер; мурда төлөнгөн алымдарды кайтарып берүү; алымдардан бошотуу, анын ставкасын азайтуу; товарды преференциалдык ташып кирүүгө/ташып-чыгууга тарифтик квоталар. Товарларга карата Т. ж. КР бажы мыйзамдарында белгиленет жана жекече мүнөзгө ээ болуусу мүмкүн эмес. Жеңилдиктерди берүү тартиби КР ЖК тарабынан аныкталат.
|