|
Соода кодекси
|
|
СООДА КОДЕКСИ – жеке укуктун дуалисттик тутумдуу өлкөлөрүндөгү жеке ишкердикке тиешелүү атайын жоболорду камтыган мыйзам актысы. С. к. Францияда (1807-ж.), Германияда (1897-ж.), Польшада (1935-ж.), Чехияда (1991-ж), Японияда (1899-ж.), укуктун роман-герман тутумуна таандык болгон башка бир катар өлкөлөрдө колдонулат. Коммерсанттын статусун аныктайт, аркыл түрдөгү чарбакер коомдорду жана шериктиктерди, коммерциялык өкүлчүлүктөрдү, соода бүтүмдөрүн, деңиз соодасын, ошондой эле соода белгилери жана фирмалары, соода реестри жана соода китептери жөнүндөгү ченемдерди жөнгө салат. КРде С. к. идеясы жаңы Жарандык кодекси иштеп чыгууда четке кагылган.
|