КӨТМАЛДЫ — топоним. Манас баштаган кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчкөнү окуясында:
Көчүп өтүп Көтмалды,
Кетилтпей айдап көп малды,
Чүйдүн башын таянып,
Үрбүн жатсын жай алып (Сагымбай Орозбаков, 2. 160),— деп айтылат. Географиялык реалияда Ысык-Көл өрөөнүнүн батыш чети.