Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: маалымат берүү хапуга
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Карыздык инструмент
 
К сожалению это слово не найдено.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов:(бета) Карыздык инструмент

Kırgızİngilizce
Төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карызды кошо алганда, алгачкы карызды жаңы карыздык инструменттерге конверсиялоо. Башкача айтканда, жаңы карыздык милдеттенмелер аркылуу мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды же карызды тейлөө боюнча келечектеги милдеттенмелерди “төлөө” ишке ашырылат..
Мамлекеттик башкаруу органдары, ошондой эле финансылык жана финансылык эмес корпорациялар тарабынан чыгарылган карыздык инструменттер рыногу. Облигациялар рыногу карыз алуучуга карыздык баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен ошол эле учурда инвесторлорго бул баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатып өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен каражаттарды алууга мүмкүндүк берет..
Рынокто белгилүү бир убакытта суроо-талап жана сунуштардын негизинде аныкталган товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде биржалык, фондулук баалуулуктардын жана валютанын күндөлүк наркы. Карыздык инструменттин рыноктук наркы отчет берүү учурунда түптөлгөн ушул инструменттин рыноктук баасына, б.а. тиешелүү күнгө карата абал боюнча күндөлүк рынок бааларына негизделүүгө тийиш (мисалы, отчеттук мезгилдин башына же акырына карата)..
Капиталдаштырылган пайыздар – бул, эсептелинген пайыздык чыгашаларды же келечектеги пайыздык төлөмдөрдү жаңы карыздык инструментке же кредитор менен түзүлгөн макулдук келишиминин негизинде карыздын негизги суммасына конверсиялоо. Пайыздык чыгашаларды карыздын негизги суммасына же айкын карыздык инструментке тиешелүү ачык макулдашуунун негизинде же карызды кайра тариздетүү келишиминин алкагында реинвестициялоо – капиталдаштыруунун эң эле кеңири тараган формасынан болуп саналат. Карызды кайра тариздетүү келишиминин алкагында пайыздардын төлөө мөөнөтү консолидациялоо учуруна туура келген айрым бир бөлүгү, кредитор менен макулдашуунун негизинде көпчүлүк учурда карыздын негизги суммасына кошулат..
Карыздык инструменттер, эрежедегидей эле, келишимдик мамилелердин негизинде келип чыгат, ага ылайык бир институционалдык бирдик (карызгер) башка институционалдык бирдик (кредитордун) алдында пайыздары менен же пайыздарды төлөөсүз негизги сумманы кайтарып берүүгө же негизги сумманы кайтарып бербестен пайыздарды төлөөгө шартсыз милдеттенмени өзүнө алат. Карыздык баалуу кагаздар, кредиттер жана насыялар, соодалык кредиттер, ошондой эле нак валюта жана депозиттер мына ушундай инструменттердин катарына кирет. Карыздык инструменттер ошондой эле, мыйзам нормаларын аткаруу аркылуу (эң оболу бул, салыктарды төлөө же башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерге кирет) же жакын арада кредиторго төлөм төлөө милдеттенмесинин карызгер тарабынан алынышын шарттаган укуктардын жана милдеттердин негизинде да келип чыгышы мүмкүн..
1) Карызгер кредиторго кайсыл болбосун убакытта төлөп берүүгө тийиш болгон сумма. Бул нарк адатта карызгер менен кредитор ортосундагы контракттын шарттарында аныкталат. Ал аны түзүүдө талаптардын/милдеттенме-лердин наркын жана операциялар (мисалы, негизги сумманын ордун жабуу), нарктык баа берүүнүн өзгөрүүсү (рыноктук баанын өзгөрүүсүнөн тышкары, алмашуу курсунун жана нарктык баа берүүнүн өзгөрүүсүн кошо алганда) жана кандай болбосун башка өзгөрүүлөр (мисалы, эсептен алып салуулар) сыяктуу кандай болбосун келечекте орун алышы мүмкүн болгон экономикалык агымдарды чагылдырат;
2) Карыз алуучу кредиторго кайсыл болбосун убакытта берүүгө тийиш болгон сумма; бул сумманын өлчөмү көпчүлүк учурда дебитор менен кредитор ортосундагы контракт шарттарына ылайык аныкталат. Карыздык инструменттин номиналдык наркы карыз келип чыккан учурдагы анын наркын, ошондой эле операциялар (мисалы, карыздын негизги суммасын төлөө), кайра баалоого байланыштуу өзгөрүүлөр (рыноктук баанын өзгөрүүсүнөн көз карандысыз) ж.б. өзгөрүүлөр сыяктуу орун алган кандай болбосун экономикалык агымдарды чагылдырат.
Концептуалдуу көз караштан алганда, карыздык инструменттин номиналдык наркы ошол инструмент боюнча колдонулуп жаткан келишимдик чен (чендер) боюнча пайыздардын жана негизги суммалардын келечекте төлөнүшүн дисконттоо аркылуу эсептелиниши мүмкүн. Акыркысы катталган же өзгөрүлмөлүү болушу ыктымал. Баанын баштапкы мааниси, адатта акча белгилеринде, баалуу кагаздарда көрсөтүлүүчү нарктын так өлчөмү.
.

Найти все переводы слова "Карыздык инструмент" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Карыздык инструмент"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru