Menü
Эл-Сөздүк

кашка

1. (о животных) лысый, с белой отметиной на лбу; со звёздочкой на лбу;
атасы башка, аты кашка погов. они сами собой, а мы сами собой (букв. отец у него другой, конь - лысый);
тору кашка гнедой с лысиной;
көк кашка
1) седой с лысиной;
2) (о молоке) синеватое (напр. снятое или пропущенное через сепаратор);
кашка баш (о человеке) лысый; плешивый;
2. чистый, прозрачный;
кашка суу или көк кашка суу прозрачная вода;
сымаптай оңү көк кашка суулары сонун кыргыздын фольк. как ртути цвет светлый, прекрасна вода киргизская;
3. ист. глава племени; предводитель;
жол баштачу, кашкаң бил фольк. пусть распоряжается главный из вас, пусть распоряжается знатный из вас;
4. (о молодухах и девушках) дерзкая и напористая; нескромная;
5. (о молодухах и девушках) смелая, мужественная;
Акундун кызы Айчүрөк кереметтүү кашка эле фольк. дочь Акуна Айчурек - чудодейственная, смелая;
беш кашка один из способов плетения кожаной сбруи;
аттын кашкасындай
1) совершенно ясно, тут нет никаких сомнений;
2) резко выделяющийся среди других (положительно);
журтка аттын кашкасындай таанылган он народу хорошо знаком; народ его хорошо знает;
муну аттын кашкасындай белгилеп кой ты это чётко (себе) отметь;
кайда барса, таанымал ат башында кашкадай стих. куда бы он ни пошёл, он везде хорошо известен;
кара кашка
1) ист. квитанция (букв. вороной лысый);
түтүнгө түшкөн чыгымды алган убакта, старчынын үкөзү "кара кашка" деп, бир жапырак кагаз кесип берет когда собирали подымный сбор, то волостной писарь выдавал бумажку, называемую "квитанция";
2) название фазы детской игры в кан-увазир (см. кан II);
кара кашка көөлөт- (в этой игре) разжевав древесный уголь и налепив на лоб, следить, куда пойдёт подтёк - прямо по гребню носа (это плюс) или свернёт (это минус);
кашка тиш резцы (зубы);
кашка жол прямая горная дорога;
кашка жол менен напрямик (не в объезд);
көр кашка бестолковый;
бай кашка, баатыр кашка, куу кашка виды беркута;
кашка жилик см. жилик;
сай кашка см. сай I;
кара кашка кедей см. кедей I 1.

КАШКА

КАШКА — уруу башкаруучу же уруудан, жоокерлердин арасынан чыккан мыкты жетекчи. билгич адам: ,
Салтанаттуу сай кашка
Сайышы журттан бир башка!
Кызыл байрак кырк кашка,
Кыраакы Манас бадыша,
Кылыгы журттан бир башка! (Сагымбай Орозбаков, 3. 174).

К-нын төмөнкүдөй маанилери бар: 1) Жылкынын маңдайындагы ак белги. 2) Өтө чыгаан, эң көрүнүктүү башкаруучу, жетекчи бийликте турган адам. 3) Тайманбас, бетке айткан, улуу адамга көп ишенбеген аял киши. 4) Уруунун аты (мисалы, жети кашка). Жалпысынан алганда эпосто төрт мааниси тең кездешет. «Мажму ат-таварихте» маңдайларына ак кашкалары бар 7 атка минген, 7 бир туугандын жети кашка деп аталгандыгы жөнүндө баяндалат. Мындан тышкары солто уруусунда жана ферганалык кыпчактардын ичинде «жети кашка» аттуу уруунун болгону белгилүү. Ал эми 1582-ж. жазылган түрк автору Сейфинин чыгармасында «кыргыздардын каны жок, бектери гана бар, аларды «кашка» деп айтышат. ««Кашка» калмактарда да жыш кездешүүчү титул» — деген маалымат бар. Бул жагдай «Манастын» В. Радлов жазып алган вариантынан айкын көрүнүп турат: «Калакай кашка дегеним, Каның барбы дегеним» (Радлов жазып алган вариант, 9). Ошону менен катар К. 17-кылымда Эне-Сайлык кыргыздарда (хакастарда — титул катары) кездешет. Орус жазма булактарында алардын бектерин кашка деп айтышкандары белгилүү. К. кыргыздарда, хакастарда, өзгөчө «Манас» эпосунда титул, жетекчи маанисинде колдонулушу кыргыз жана хакас элдеринин түпкү тамырлары бир экенин даректейт.
И. Молдобаев

кашка

кашка (тайманбас, баш каруучу) (эск.)

кашка

кашка
кашка баш
кашка беде
кашка жилик
кашка жол
кашка суу (геог.)
кашка тиш
кашка чымчыктар

кашка

сын.. 1. Малдын же башка айбандардын маңдайындагы ак тилке. Ал ат жээрде кашка (Жантөшев).
  1. 2.                  Чачы жок, жылмакай. Кашка баш.
  2. 3.                  Таза, тунук. Булактын көк кашка суусунан.. алып, көчтү көздөй жөнөйт (Таштемиров).
  3. 4.                  Акылдуу, даанышман, эстүү. Акундун кызы Айчүрөк Кереметтүү кашка эле («Семетей»).
  4. 5.                  Тартынбаган, ийменбеген, айбыкпаган.

¨ Аттын кашкасындай таамай, ачык, так, даана. Көй кашка к. көй. Кашка жол — тасырайган даңгыр жол. Шыпты кашка — шок, шыпылдак. Бул шыпты кашка азын-оолак малдын этегине эртең эле чыгат.. [деди бай] (Аалы). Кара кашкаэс. 1) квитанция, акча же башка бир нерсе төлөгөндүгүн аныктоочу кагаз; 2) оюндун аты.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: