Menü
Эл-Сөздүк

ИСЛАМ

ИСЛАМ (мусулман дини, мусулманчылык) — дүйнөгө кеңири тараган диндердин бири. Биздин замандын 7-кылымында Арабстанда пайда болгон. Мухаммед пайгамбар негиздеген. Мусулман дини кыргыз элинин күндөлүк турмушунан, үрп-адаттарынан, оозеки чыгармачылыгынын идеялык-тематикасынан жана бейнелеринен кеңири орун алган. Башка диндер сыяктуу эле мусулман дининин жолжоболору, эрежелери «Манас» эпосунун бардык варианттарында ар кандай деңгээлде чагылдырылган. Мусулмандар адамдардын колдоочусу катары мазарларды, айрым дарактарды, булактарды жана башка ушундай сыяктуу ыйык тутушуп, аларга сыйынып, баласыздар балалуу болуу, бейтаптар оорусунан айыгуу, таалайсыздар таалайлуу болууну тилөө менен мусулман дининин ырым-жырымдарын өткөрүшкөн. «Манас» эпосундагы окуяларда диний ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр ушундай формада орун алгандыгын көрүүгө болот. Мисалы, тотемдик түшүнүктөрдөн тартып фетишизм, шамандык көз караштарга чейинки диндик ишенимдердин издери бардык варианттардан жолугат. Адат катары эпосто бир дин менен экинчи диндин арасында чек коюлбайт, тээ байыркы диндик түшүнүктөр менен кечээ жакынкы ишенимдер аралаш айтыла берет. Айрыкча шаман дининин түшүнүктөрү менен ислам дини көп учурда бири-биринен айырмасы жок катары берилет. Мазарды таюу, ай туякка ак боз бээ чалуу менен катар ата-бабанын арбагын негизги колдоочу күч катары түшүнүп табынуу да, ошол эле учурда кудайга кайрылуу адаттагы көрүнүш. Эпосто негизги каармандардын (Манас, Алмамбет, Чубак жана башкалар) дээрлик бардыгынын туулушу алардын ата-энелеринин (Жакып, Акбалта, Алтынай жана башкалар) «ыйык мазарларга түнөшү, зыярат жасашы, кудай алардын үнүн угуп тилегин бергендигине» байланыштырып чагылдырылган. Мусулман дини кеңири тараган өлкөлөрдө жарык дүйнөнүн жыргалчылыгынан кечип, тигил дүйнөдөгү бейишке ишенип, аса-муса таягын алып, эл-жерди кезип, бул диндин жол-жоболорун үгүттөгөн думаналарды ыйык тутуп, ыйбаа кылуу, акарат кылбоо эрежелери иштелип чыккан. Муну кыргыз элинин «Манас» дастанында жаңы төрөлгөн болочоктогу башкы эпикалык каармандарга (Манас, Алмамбет, Чубак, Сейтек жана башкалар) эл ылайыктуу ат коё албай турганда аса-мусалуу думана келип аларга ат коюп берип, көздөн кайым болуп кетиши менен ачып берилген. Мусулман дининин талабы боюнча беш маал намаз окуу, эртең менен азан чакыруу, арбактарга багыштап куран окуу, дооран түшүрүү жана жаназа окуу, садага берүү сымал жөрөлгөлөрдү кыйшаюусуз аткаруу, шариятка ылайык такыбачылык жасоо мусулман дининин негизги эрежелеринен болуп эсептелет. Бул эрежелерди эпостогу каармандардын аткарып турушу «Манас» варианттарында кездешет. Башка варианттар сыяктуу эле Сагымбай Орозбаковдун вариантында ушулардын баары бар. Бирок Сагымбай Орозбаковдун вариантында И. көбүрөөк орун алган, ал гана эмес башка диндеги элдерге кайрылып аларды мусулман болууга чакыруу сыяктуу И-ды үгүттөө учурлары да кезигет. Дин, анын ичин де И. дини Сагымбайга чейинки манасчылардын варианттарында да бир топ орун алган (мисалы, эпостун В. В. Радлов жазып алган үлгүсү). Негизги варианттарда Алмамбет баатырдын өз элин таштап, Манаска келип кошулушу жана чыныгы берилген чоросу болушу да анын өз каалоосу боюнча «кара динден, ак динге» (мусулман динине) өтүшү менен байланышкан. Эпостун «Семетей» бөлүгүндө мусулман дининин жөрөлгөлөрү кадыресе салт катары улантылып, Бакайдын намаз окуганын жазбагандыгы, Каныкей, Чыйырды, Семетейлерди кудайдын колдоолору, алардын кудайдын кудуретине ишенүүлөрү бир кыйла эпизоддордо чагылдырылат. Бул эпизоддордо башка диндерге караганда мусулман дининин улук, ыйык тутулушу мусулман идеологиясын анын өкүлдөрү кийинки мезгилде гана кошумчалагандыгын айгинелеп турат. Чындыкты, берилгендикти далилдөө үчүн шерт кылып куран кармоо жөрөлгөсү мусулман дининин бирден бир өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Жердеги адамдар үчүн кудай асмандан атайын түшүргөн ыйык китеп — курандын кереметтүүлүгүнө, касиеттүүлүгүнө ишенүү салты кандайдыр бир өлчөмдө эпостогу каармандардын аракеттеринен, максаттарынан айкын байкалат. Манастын, Чубактын туулушу жана чоңоюшун душмандарга билгизбөө үчүн Жакып менен Акбалта шерт кылышат жана шертти бузбоо үчүн элге куран карматтырат. Бул ырым-жырымды так туткан эл эпикалык баатырлар, алардын артыкчылыктары жөнүндө сырды сыртка чыгарбай шертти бекем сакташат. Эпостогу окуяларда мусулман динин үгүттөөчү эшен, кожо молдолор (анжыяндык Айкожо, кырк эшен) жөнүндө жана Манастын Каныкейге үйлөнүшүндө, Көкөтөйдүн, Манастын сөөгүн коюуда диний жөрөлгөлөр баяндалган. Мындай жөрөлгөлөр эпостун «Семетей» бөлүмүндө да тиешелүү деңгээлде чагылдырылган. Эпосто эл турмушун туура чагылдыруу үчүн ошол эл эмнелерге ишенгенин, кандай үрп-адаттык эрежелерди пайдалангандыгын, ал гана турмак жокко ишенүү, чектелген түшүнүк сыяктуу чабал жактары да бурмаланбай чагылдырылган. Ансыз «Манас» эпосу элдик чыгарма болуудан калмак.
К. Байжигитов

ислам

зат. VII кылымда араб пайгамбары Мухаммед негиз салган дин, мусулман дини.

Примеры переводов: Ислам

Kırgız Rusça
Ислам ислам
Ислам жана мыйзам Ислам и право
Ислам жана адеп-ахлак Ислам и этике
Ислам жана адам укуктары Ислам и права человека
Ислам, либерализм жана жарандык коом Ислам, либерализм и гражданское общество
Зайб, Ислам мамлекеттик түзүлүшү, 79-бет. Thaib, Исламский Polity, с.79.
Ислам, жарандык коом жана батыш либерализми Ислам, гражданское общество, и западный либерализм
Чынын айтканда, Ислам дини мага дайым кызык болчу. Чтобы быть честным с вами, ислам вера всегда было интересно для меня.
Зайбдын сөзү келтирилген, Ислам мамлекеттик түзүлүшү, 90-бет Цитируется в Thaib, Исламская политии, с.90.
Өзгөчө Ислам динин көпчүлүк адамдар жырткычка салыштырышат. И ислам, больше, чем любой другой, утверждают они, является, вероятно, хищник.
Ислам, демократия жана жарандык коомдун ортосунда кандай байланыш бар? Какова взаимосвязь между исламом, демократией и гражданским обществом?
Эгер адамдар Ислам динине өтүүдөн баш тартышса, аларды өз жайына коюшкан. Если они отказывались, они должны были быть оставлены в покое.
Көп адамдардын 2001-жылы 11- сентябрдан кийин, Ислам дини жөнүндө билгиси келди. После 11 сентября 2001 года, было много людей, которые хотели знать о религии Ислам.
Ислам дини демократияга жана азыркы заманга таптакыр туура келбегендей сезилет. Для многих, то, Ислам стоит в отношениях напряженности с, если не завершить антагонизм к демократии и современности.
Ислам чөйрөлөрүнө дагы укуктардын табияты жөнүндө талкуулар жат эместей сезилген. Казалось бы, что подобная дискуссия о природе прав происходит в исламских кругах.
Бир досу аларды жазып алып, Ислам борборунун веб-сайтына жайгаштырууну сунуш кылды. Друг предложил они записывают и размещать их на веб-сайте Исламского центра.

Примеры переводов: Ислам

Kırgız İngilizce
Ислам Islam
Ислам жана мыйзам Islam and Law
Ислам жана адеп-ахлак Islam and Ethics
Ислам жана адам укуктары Islam and Human Rights
Ислам, либерализм жана жарандык коом Islam, Liberalism, and Civil Society
Зайб, Ислам мамлекеттик түзүлүшү, 79-бет. Thaib, The Islamic Polity, p.79.
Ислам, жарандык коом жана батыш либерализми Islam, Civil Society, and Western Liberalism
Чынын айтканда, Ислам дини мага дайым кызык болчу. To be honest with you, Islam faith was always interesting for me.
Зайбдын сөзү келтирилген, Ислам мамлекеттик түзүлүшү, 90-бет Quoted in Thaib, The Islamic Polity, p.90.
Өзгөчө Ислам динин көпчүлүк адамдар жырткычка салыштырышат. And Islam, more than any other, the argument goes, is the likely predator.
Ислам, демократия жана жарандык коомдун ортосунда кандай байланыш бар? What is the relationship between Islam, democracy, and civil society?
Эгер адамдар Ислам динине өтүүдөн баш тартышса, аларды өз жайына коюшкан. If they refused, they were to be left in peace.
Көп адамдардын 2001-жылы 11- сентябрдан кийин, Ислам дини жөнүндө билгиси келди. After September 11, 2001, there were many people who wanted to know about Islam religion.
Ислам дини демократияга жана азыркы заманга таптакыр туура келбегендей сезилет. For many, then, Islam stands in a relationship of tension with-if not complete antagonism to-democracy and modernity.
Ислам чөйрөлөрүнө дагы укуктардын табияты жөнүндө талкуулар жат эместей сезилген. It would seem that a similar debate about the nature of rights is going on in Islamic circles.
Бир досу аларды жазып алып, Ислам борборунун веб-сайтына жайгаштырууну сунуш кылды. A friend suggested they record and post them on the Islamic Center Web site.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: