Menü
Эл-Сөздүк

Жарандуулук

ЖАРАНДУУЛУК – адамдын белгилүү бир мамлекет менен туруктуу укуктук байланышы. Ал мамлекет менен анын бийлиги астында турган жактын ортосундагы өзара мамиледен улам ачык көрүнөт; мамлекет адам укугу менен эркиндигин тааныйт жана кепилдик берет, чет өлкөгө чыкканда анын кызыкчылыгын коргойт; ошол эле учурда, жаран дагы мамлекет мыйзамдары менен көрсөтмөлөрүн кыйшаюусуз сактайт, ал тарабынан белгиленген милдеттерди аткарат. Мына ошондой укуктар менен милдеттердин жыйындысы жарандардын чет өлкө жарандары менен жарандыгы жок адамдардан айырмалаган саясий-укуктук статусун түзөт.

Жарандуулук

Гражданство

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: