ЖОМОК БАШЫ |
Ээ-эй, байыркынын жомогу, Баштаса келер оролу. Эзелкинин жомогу Эстесе келер оролу. Жарымы төгүн, жарымы чын, Жарандардын көөнү үчүн. Көбү жалган, көбү чын Көпчүлүктүн көөнү үчүн. Күпүлдөтүп айтабыз Көк жал Манас көөнү үчүн (Курама варианты, 1. 3). Жана башкалар манасчы тарабынан эл алдында эпосту айта баштаганда окуяга, чыгармага, угуучулардын көңүлүн бурдуруучу киришүүнүн милдетин аткарган. Эпосто ал ушундай озуйпасы менен толук турпатында зор манасчылардын гана репертуарларында айтылат. Бирок айрым элге кеңири тараган «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат» өңдүү окуяларда жана башкалар өзүнчө кайырма сыңары чакан-чакан көлөмдө көпчүлүк манасчылардын репертуарына мүнөздүү. |
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖОМОК БАШЫ"?
Ввойти