-
ДУРСУН ЙЫЛДЫРЫМ
-
ДУРСУН ЙЫЛДЫРЫМ (1946, Ризе шаары, Түркия) — түрк окумуштуусу, «Манас» изилдөөчү. Анкарадагы Хажеттепе университетинин профессору. 1968-ж. Истамбул университетин бүтүргөн.
1975-ж. «Түрк адабиятында Векташ типтүү мыскылдар» деген темада илимий диссертация коргоп, докторлук даража алган. Бул эмгеги 1976-ж. өзүнчө китеп болуп жарыяланган. 1979-ж. «"Манас" дастаны жана Көкөтөй хандын жомогу» деген темада атайын илимий иш жазып, доценттик наам алган. Ошол эле жылы бул илим-изилдөөсү өзүнчө китеп болуп, Анкарадан жарык көргөн.
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ДУРСУН ЙЫЛДЫРЫМ