|
Вексель берүүчү
|
|
ВЕКСЕЛЬ БЕРҮҮЧҮ – биринчи сатып алуучуга
вексель толтуруп, кол коюп, тапшырган жак. Которум векселин берүүчү жак трассант
(трассент) деп да аталат. Ал эми жөнөкөй В. б. – аустеллер же сускриптер. В. б.
векселде каралган мөөнөт келери менен, вексель ээсине белгилүү бир сумманы төлөп
берүүгө милдеттүү.
|