|
Бондор
|
|
БОНДОР (фр. bon, лат. bonus – жакшынакай) – 1) казыналыктар,
муниципалитеттер же жеке менчик фирмалар сатып алуу жана төлөм каражаттары
катары чыгаруучу кыска мөөнөттүү милдеттенмелер (ар кыл жасалма монеталардын
милдетин аткарат), фондулук биржаларда жүгүртүлөт жана котировкаланат; 2)
пайдалануудан чыккан, коллекция предметине айланган кагаз акчалар; 3) майдалоочу
акча катары чыгарылган (убактылуу) майда кагаз-акча белгилери.
|