АЙТАК АЙТАК — эпизоддук кейипкер. Алмамбет менен Көкчөнү араздаштырган казак бийлеринин бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 243).
айтак сырд. Көбүнчө жылкыны башкарып-тескөөгө карата колдонулуучу сөз. Үрккөнү турган жылкыга айтак десең не зорлук (макал).