-
ур
-
I зат. 1. Дененин өзгөчө болуп уркуюп чыгып турган бөлүгү. Ур желке.
2. Уюл. Кайыңдын уру.
УР II: ур кызы — мусулмандардын мифологиясы боюнча: өзүнүн сулуулугу менен бейишке чыккандарды ыракатка бөлөөчү, дайыма жапжаш болуп турган бейиш кыздары.
УР III этиш. 1. Токмоктоо, таяктоо, сабоо. Адилет болсоң текшерчи, Кедейди байлар урганын (Токтогул).
2. Чабуу, сого шилтөө, кагуу, коюп жиберүү. Күчү менен күрс-күрс урган балканын Шыгын төксүн шыркыраган көк жалын (Осмонов). Өзүнө бычак ур, оорубаса кишиге ур (макал).
3. Бир нерсени көздөй атып ыргытуу. Айсулуу карап туруп арт жагынан, Бир кезде алма менен уруп качты (Үмөталиев).
4. Куруу, согуу. Күмүштөн дубал ургандай, Чырагың жанып тургандай (Барпы).
5. Белги салуу, басып из түшүрүү. Геологдор болсо, «баланча жерде көмүр бар» деп гана белги урушат (Сасыкбаев). Ким агаң «меники» деп, тамга урбаган (Турусбеков).
6. Кагуу. [Элебес] чотун урган сайын Акиясынын басканын эстеп турат (Сыдыкбеков). Үн алышып гудоктору күркүрөп, Коммунизм коңгуроосун ургандай (Аалы).
7. Башка сөздөр менен кошулуп каргыш, наалат, каргап-шилөө же тилдөө маанисиндеги сөздөр колдонулат. Алдап айттың сөзүңдү, Ант урсун сенин өзүңдү («Манас»). Антынан тайган кыргызды, Арбагы урсун Манастын (Маликов). Туз урсун (Токтогул). Каргыш урган (Абдукаримов). Көк урсун (Сыдыкбеков).
8. Атооч сөздөргө кошулуп, алардын кыймыл-аракетти, ал-абалды көрсөткөн маанисин билдирүү үчүн колдонулат. Кам урду. Кеп урду. Док урду. Чабак урду.
♦Алып уруу же көтөрүп уруу — жыгуу. Акылгер алпты жыгар ыгын тапты, Айлантып алып уруп жерге чапты (Акаев). Кыйкырык-сүрөөн укканда, көтөрүп уруп жамдаса, Балбандын көркү билекте (Жантөшев). Ак уруу — кайыр суроо, тилемчилик кылуу. Кайыр үчүн ак уруп, эл аралап жүрөсүң (Жантөшев). Уруп кете берүү — сүйл. токтолбостон жөнөп кетүү, жүрүп кете берүү. Күндү күн, түндү түн дебестен [малчылар] уруп кете беришет (Жантөшев). Кулдук уруу — жүгүнүү, баш ийүү. Кызына сөйкө саламын, Кулдук уруп калайын («Эр Төштүк»). Баш уруу — кулдук уруу менен бирдей.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Похожие слова на других языках:
RU
- ура (ru-kg)
- Уравнение (ru-kg)
- уравнение движения регулятора (ru-kg)
- уравнение Матье (ru-kg)
- Уравнение обмена (ru-kg)
- уравнение с одной переменной (ru-kg)
- уравнение центральной оси (ru-kg)
- уравнение частот (ru-kg)
- уравнения Бесселя (ru-kg)
- уравнения совместимых систем (ru-kg)
- уравнивать (ru-kg)
- уравниваться (ru-kg)
- Уравниловка (ru-kg)
- Уравнительная система (ru-kg)
- Уравнительное распределение (ru-kg)
- уравнительный (ru-kg)
- уравновесить (ru-kg)
- уравновеситься (ru-kg)
- уравновешенность (ru-kg)
- Уравновешенный (ru-kg)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ур