Menü
Эл-Сөздүк

туйла

этиш. 1. Ойноктоо, тынч турбай тыбырчылоо. Жылкынын көркүн чыгарып Туйлаган кулун, тай берет (Аалы). Аз эле күндүн ичинде, Арык мал туйлап семирген (Үсөнбаев). Чабагы четте суурулуп, Балыгы тайдай туйлаган (Тоголок Молдо).
2. өт. Атырылуу, ала салып өркөчтөнүү (мис., суунун агышы). Баягы туйлап аккан суусун бойлоп, Балчыктан там салышып жүргөн ойноп (Турусбеков). Туш-тушунан тунук суулар туйлаган, Кеңдигинен кербен чуусун туйбаган (Аалы).
3. өт. Чычалоо, сөз көтөрө албоо. Кемчиликти бетиңе айтса, Туйлаганды сен койсоң (Маликов).
Жүрөк туйлоо жүрөк катуу согуу, болкулдай согуу. Карап туруп жаш баладай ээлигип, оюм ойноп, жүрөк туйлап кубанат (Аалы).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: