-
сан
-
I зат. Буттун жамбаштан тизеге чейинки бөлүгү. Буттарың буура санындай, Мурдагы жаштык барында, Булкушар балбан табылбай (Токтогул). [Адылдын] бели көтөрүлбөй, эки жоон сандын териси тыз-тыз ооруду (Сыдыкбеков).
♦ Куурай сан — арык, илмийген, ичке. Кумурска бел, куурай сан. Санын чабуу — бир нерсеге аябай өкүнүп калуу, кейүү. Итике санын чаап, кейиген кишисинди (Убукеев). — О, кокуй, десе! — деди Тойчубек санын чаап (Баялинов). Алты саны аман-эсен — колу-буту чолок эмес, дени сак.
САН II зат.1. Эсеп ишин жүргүзүүгө, бир нерсенин эсебин, канча экенин көрсөтүүгө колдонулган түшүнүк. Бүтүн сан. Так сан. Жуп сан. Бөлчөктүк сан.- 2. Газета, журналдын улам чыгып турган белгилүү кезеги, номерлери.
- 3. грам. Көптүктү же жекеликти билдирүүчү морфологиялык каражаттар менен берилген грамматикалык категория. Жекелик сан. Көптүк сан.
- 4. Өтө көп, эсеп жеткис. Алдына сан жылкыны айдаган кең далы, узун бойлуу жылкычы («Жаш ленинчи»). Сан гүлдөн башы адашты (Сыдыкбеков).
♦ Сан атооч — заттардын санын, иретин көрсөтүүчү сөз түркүмү. Миң сан — өтө көп, эсеп жеткис. Баш кошуп миң сан кедей артель болду, Турмуштар өзгөрүлүп, көп оңолду (Элебаев). Заңгырап катар-катар миң сан үйлөр Салынган ар жеринде эчен-эчен (Нуркамал). Сан жеткис — өтө көп, эсеп жеткис. Арсак тоолор көктү көздөй чалкалап, сан жеткис жылдыздар жымыңдайт (Сасыкбаев). Көз жетпеген өрдөштө, Сан жетпеген мал жатат (Осмонов). Сайда саны, кумда изи жок — дайыны чыкпай жоголгон, дареги билинбей кеткен, дарексиз.
САН III: сан-сан болуу — бөлөк-бөлөк болуп жыртылуу же тигишинен сөгүлүп кетүү. Көк дүрүйө көйнөгү, Сан-сан болуп бөлүнүп («Эр Төштүк»).
САН IV зат. Барк, атак-даңк. Кейитермин жаныңды, кетирермин саныңды.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Такое же слова на других языках:
Похожие слова на других языках:
RU
- сан (ru-kg)
- санаторий (ru-kg)
- Санаторно-курортные организации (ru-kg)
- санаторно-курортный (ru-kg)
- санаторный (ru-kg)
- Санация (ru-kg)
- Санация /оздоровление предприятия-должника (ru-kg)
- санбат (ru-kg)
- санврач (ru-kg)
- сангвиник (ru-kg)
- сангвинический (ru-kg)
- сандал (ru-kg)
- сандалеты (ru-kg)
- сандалии (ru-kg)
- сандаловый (ru-kg)
- санджак (ru-kg)
- Сандкхоль (ru-kg)
- сани (ru-kg)
- санировать (ru-kg)
- санитар (ru-kg)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сан