|
оку
|
|
этиш. 1. Билимди, илимди үйрөнүү, өздөштүрүү. Бир күндү бекер кетирбей, Билим ал, оку, балдарым (Үсөнбаев). Эх! «Оку, оку жана оку» — деп,.. айткан экен да!»— Аскар ушуну ойлонуп эмнегедир Сыргага карады (Сыдыкбеков).
- 2. Жазылган нерсени үн чыгарып же көз жүгүртүп билүү. Газета, китеп окуп отургандар да бар (Убукеев). [Радченко] үнүн бийик чыгарып [ырды] окуп да берди (Сасыкбаев).
- 3. 3. Элдин алдында жазылган нерсени оозеки баяндоо, айтып берүү. Лектор лекция окуду.
- 4. 4. Жаттап алган куран, дуба ж.б. кандайдыр бир максатта ачык же купуя айтуу; дем салуу. Куран окуду. Дуба окуду. Намаз окуду.
|