-
КУБАТ
-
КУБАТ — эпизоддук кейипкер, Жакыптын койчуларынын башчысы. Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт үчөө түш көрүп, той бергенде союлган койлорду айдап түшкөнү айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 61).
КУДАЙНАЗАР — эпизоддук кейипкер. «Кудайназар куу чокмор, Курган Кошой жолдошу» жана жан бирге сырдашы, акылман. Кошойдун түшүн жоруп, Манастын келерин айтат. Кошойдун Билерик менен Жарманасты бошоткон жортуулуна катышып, келаткан жолдо кайра Манаска жардамга келип, кытайлар менен болгон согушта Жолойдон өлөт (Саякбай Каралаев, 1. 111, 112, 161). «Кудайназар куу чокмор» деген каарман «Эр Табылды» эпосунда да кездешет. Муну кыргыз эпосторунун бири-бирине таасири катары кароо керек.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кубат