Menü
Эл-Сөздүк

жок

жок, жогу, жокко
жок-бар
жок желим (сөөлжан)
(диал.)
жок жерден
жок кылуу
жокко чыгаруу
жоктон жогору

жок

зат. 1. Бар эместик, бар болбогондук. Кызда намыс жок болсо, Ата-энесин күйдүрөт («Мендирман»). Жокко суу да жок (макал).
  1. 2.           Макул эместикти, туура эместикти ж.б. билдирүү же бир нерсени тануу иретинде колдонулат.Барасыңбы? Жок, бара албайм. Жок, мен буга макул эмесмин! Жок, каалабайт! Өрткө бербейт. Тынчтык туусун колунан түк түшүрбөйт (Үмөталиев).
  2. 3.           Жоголгон нерсе. Менин жайым сурасаң, Жок качырып элимден, Суроо салып келемин («Семетей»). Таңга маал жок издеп барбай жаның жокпу (Маликов).
  3. 4.           Жардылык, кедейлик, колунда болбогондук, муктаждык. Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок , кесет (макал). Бактысыз жокко көнөт, барга көнбөй (макал).
  4. 5.           Кедей, колунда болбогон, жарды, кембагал. Бай барынча, жок алынча (макал). Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу (макал).

¨ Жок дегенде — эң болбогондо, эч болбогондо. Жок дегенде алыстан эле жүзүңдү дагы бир көрсөм дегенде эки көзүм төрт («Ала-Тоо»). Ага эмне жок! — «анын эмне тиешеси бар», «ал эмне кийлигишет» деген мааниде колдонулат. Жөнү жок — ыксыз, болбогон, обу жок. Алигиче кала элекпи, жарыктык, Жөнү жокко Кейий берчү пейилиң? (Турусбеков). Аты жок к. ат II.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: