Menü
Эл-Сөздүк

ЖИП

элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жүндөн ийрилип, буюм-тайымдарды тигүүдө, согууда, түйүүдө, эшүүдө, жөрмөөдө, байлоодо, артууда пайдаланылуучу буюм. Муну койдун, төөнүн жүнүнөн ийрүү нарктуу болот. Ал ийрилүү, чыйратылуу, эшилүү аркылуу жүзөгө ашат. Аны менен кийиз шырылат. Андан өрмөк согуп, килем токуп, көчөттөр түшүрүлөт, чий чырмалып, тор буюмдары түйүлөт.
      Мунун бош жип чыйратылган жип, челденген жип, эшилген жип, шоона жип өңдүү түрлөрү бар.

жип

жип, жиби, жиппи
жип-шуу

жип

зат. 1. Жүндөн, кебезден, кендирден жана башка булалардан токуу, тигүү, сайма саюу ж.б. үчүн ийрилген, чыйратылган ар кандай жоондуктагы зат. Жибек жип. Кара жип. Ак жип. Чарык жип.
2. Эшилген же чыйратылган боо. Кыска жип күрмөөгө келбейт (макал). Аркан, жибиң жок туруп, Байлап кеттиң карылык (Тоголок Молдо).
¨ Жибин тартып көрүү — байкап көрүү, ой-пикирин, сырын тартуу.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: