Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Туунду чарба коому

ТУУНДУ ЧАРБА КООМУ – КР жарандык мыйзамдары боюнча, эгерде башка (негизги) чарба коомунун же шериктештигинин (жамаатынын) уставдык капиталдагы үлүшү үстөмдүүлүк кылса, же алардын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча, же дагы башка жолдор аркылуу, ал коом тарабынан кандайдыр бир чечим кабыл алынышына чечүүчү таасир эте алса, анда андай чарба коому туунду катары таанылат. Т. ч. к. юридикалык жак болуп саналат; негизги коомдун (шериктештиктин) карыздары боюнча жооп бербейт. Т. ч. к. менен түзүлгөн келишим боюнча ага милдеттүү көрсөтмөлөрдү берүүгө акылуу негизги коом (шериктештик), андай көрсөтмөлөрдү аткаруу боюнча түзүлгөн бүтүмдөр боюнча Т. ч. к. менен ортоктош жоопкерчилик тартат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: