Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Негизги мыйзамдар

НЕГИЗГИ МЫЙЗАМДАР – түздөнтүз конституцияда алдынала көрсөтүлгөн тартипте (б. а. анын бланкеттик ченемдеринин негизинде) кабыл алынган мыйзамдар, аларды кабыл алуунун тартиби конституцияны кабыл алуунун тартибинен да айырмаланат. Эреже катары, конституцияда шайлоо тутуму, өзгөчө абал тартиби, мамлекеттин жогорку аткаруу жана сот органдарынын статусу ж. б. боюнча Н. м-ды кабыл алуу каралган. Н. м. аталгысынын өзү негизинен роман укук тутумундагы өлкөлөрдүн (Франция, Испания, Румыния, Молдова, Чили ж. б. ) конституциялык укуктарында белгилүү. Бразилияда Н. м. кошумча мыйзамдар деп аталат. Орусияда, Тажикстанда, Литвада, Казакстанда Н. м. конституциялык мыйзамдар деп аталат. Биркатар өлкөлөрдө (Эстонияда, Венгрияда, Азербайжанда) Н. м. атайын аталышка ээ эмес.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: