Menü
Эл-Сөздүк

ЖҮГӨРҮ

ЖҮГӨРҮ Назар уулу (болжол менен 1864— 1941) — семетейчи. Назар Манасчынын уулу. Эпостун «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүн айткан жомокчу болгон. Ал жөнүндө замандашы Беки уулу Жолочу буларды эскерет: «Жүгөрү согуш башталган жылы 77 жаш чамасында өлдү. Жүгөрүнү да Совет мезгилинин алгачкы жылдары тиешелүү мекемелер «Манас» айттырууга чакыртса өзүнүн карылыгын шылтоо кылып барган эмес экен. Ал эпостун «Семетейин» толук айтчу. Сейтектин төрөлүшү, кайра элине келишин да Жүгөрү айтчу. Ошондуктан эл аны семетейчи-жомокчу деше турган» (Кол жазмалар фондусу, 233-инв., 1-б,).

ЖҮГӨРҮ

ЖҮГӨРҮ — эпизоддук кейипкер. Каныкейге күйөөлөп келаткан Манастын кошунун көргөн Ж. Кейип шаарын чапканы келаткан кол деп ойлоп, Атемирге кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 2. 392). ЖҮГӨРҮ — эпизоддук кейипкер, Котон шаарынын балбаны. Бокмурун ашка чакыртып (Саякбай Каралаев, 2. 14), биринчилерден болуп ашка келгени айтылат (Саякбай Каралаев, 2. 19).

ЖҮГӨРҮ

ЖҮГӨРҮ — эпизоддук кейипкер. Тейиш кандын тоюнан кийин Кер-Көлдөгү Орго канды көздөй жөнөгөн Манастын колунун ичинде аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 2.69), кийин Көкөтөйдүн ашына келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 105).

ЖҮГӨРҮ

ЖҮГӨРҮ — эпизоддук кейипкер. Каракан өлүп эл чабылганда Кошой менен бирге жүрүп, Алптын уулу Ж-нүн кытайлар менен согушта өлгөнүн Кошой Манаска айтат (Саякбай Каралаев, 1. 114).

жүгөрү

жүгөрү

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: