-
ЖЫЛДЫЗ
-
ЖЫЛДЫЗ — топоним, көп варианттарда кезигет. Кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчкөнүндө «Баштап кыпчак кыргызды, Басып өтүп Жылдызды» (Сагымбай Орозбаков, 2. 160), Үрбүнүн колу андан өткөнү айтылат. Географиялык реалия катары Ж. (Юлдус, йулдуз) Синьцзяндагы суу, ойдуң (Чоң жана Кичи Ж.) Чыгыш Тянь-Шань тоо түркүмүндө жайгашкан.
Найдены по другим направлениям
-
жылдыз
-
зат. 1. Түнкүсүн адамдын көзүнө жарык чекит сыяктанып көрүнгөн асман телосу. Жылдызын санап асмандын Жылкыда жүрүп какшандым (Бөкөнбаев). Жылдыздар жымың-жымың этишет. - 2. Үч бурчтук түрүндө болгон учтуу жактары бар геометриялык фигура; ушундай формадан турган значок; ордендин же башка сыйлыктын ушундай формадагы белгиси. Төлдөтүп ашык чарбасын, Төшүнө жылдыз тагынган (Осмонкул).
- 3. өт. Көрктүүлүк, жагымдуулук, жаркылдаган жайдары көрүнүш. Жылдызы жанган жигит. Адамдын жылдызы эле го!
¨ Жылдызы ысык — мээримдүү, жагымдуу, сүйкүмдүү. Өзүмө кошо төрөлгөн, Жылдызы ысык көрүнгөн, Өткөрө тулпар Торучаа, Ошондо окко алдырдым («Манас»). Жылдызы жерге түшүү — сынуу, көңүлү чөгүү, капа болуу. Капсалаңдын жылдызы жерге түшүп, үшкүрүгү таш жарды (Бейшеналиев). Жылдызы каршы болуу — жаман көрүү, жактырбоо, каршы болуу.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ЖЫЛДЫЗ