ЖОЛОЙ |
Т. Герцен. Жолой. Колдо бар материалдар боюнча Ж.— жоокер, баатыр, ошону менен бирге эл бийлеген кан. «Манас» варианттарындагы Ж. катышкан бардык окуяларда ал «кан» деп аталат: Кара калмак каны экен, Сайыш менен чабышка Башынан кадик жан экен, Өзү жалпак, өңү саз, Күрөш менен согушка Эчак болгон эпчил маш (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 536инв., 332-б.). «Манаста» чагылдырылган Ж-дун образынан душмандын жоокер баатырынын элесин гана көрөбүз. Б. Жумабаев. Жолой. Саякбай Карала уулу Ж-дун портретин сүрөттөөдө баатырдык жана балбандык белгчлери менен шайкеш мыкаачылык жана кан ичкичтик сыяктуу терс сапаттардын бүтүндөй бир градациясын пайдаланат: Өлчөөң кеткен бул Жолой Өлтүрүп канга тойбогон. Жан кыйгычтын бири ошол, Жан алгычтын өзү ошол, Кан ичип жүрүп катыккан. Каары толук заары күч, Бул капырдан күдөр үз. Төбө чачы сүксүйүп, Жеп ийчүдөй үксүйүп. Качырган каман төштөнүп, Алуучу аюу көздөнүп, Көрсө көңүл бөлүнүп, Айкырып сунган айзасы Карагайдай көрүнүп, Көргөндүн көөнү бөлүнүп, Жолум үйдөй чоюн баш Билекке орой чалынуу Жолойду көрсөң көзүң ач! (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 536-инв., 325-б.). Ж. баскынчы баатыр катарында калмак жоокерлерине кол башчылык кылып, талоончул жортуулдарга баштап кирет. Жекеге чыгып, согуш майданында эрдик көрсөтөт. Жолойдун оттук ташы (Кегети өрөөнү). Эпосто Ж-дун эзели жоого алдырбаган баатыр экендиги, атактуу балбан аталып калмак, кытайлардын бичигине чийилгендиги, өзүнө мүдөөлөш баскынчы душман баатырларынын колунан келбеген, күчү жетпеген иштерди аткарган эрдик сапаттары баяндалат. Ж.— Коңурбай сыяктуу айлакер, куу адам эмес, болжолсуз кара күчү бар балбан. Ж-дун жанда жок соргоктугу анын ушул өзгөчөлүгү менен байланышкан. Ч. Валиханов жазып алган «Көкөтай кандын ашы» эпизодунда Ж-дун сорунган соргоктугу мындай берилет: Бир күндө анын жегени — Тогуз бука эти экен, Тогуз кочкор эти экен Тогуз буура эти экен Тогуз айгыр эти экен. Бир күндө анын ичкени — Токсон саба кымыз экен (Валиханов жазып алган эпизод, «АлаТоо», 1979, № 7. 83-б.). Радлов жазып алган вариантта кан Ж-дун сорунган соргоктугу: «Тамак жесе тойбогон, Суусун ичсе канбаган», — деп мүнөздөлөт. В. Радловдун пикири боюнча укмуштуудай сорунган соргок Ж. кан Манаска татыктуу баскынчы баатыр жана балбан. «Манас» эпопеясынын кийинки жазылган варианттарындагы туруктуу формулада айтылган поэтикалык ыр саптары да Ж-дун сорунган соргоктугун аныктап турат: «Алтымыш алпты бир союп, кан жыттанган чоң Жолой, Алты батман буудай жеп, дан жыттанган чоң Жолой». Ж-дун күчү духунун бекемдигинде эмес, бул сапат анын ички дүйнөсү менен байланышпайт. Кеп ошол ички сапаттын жарды, көңдөйлүгүндө. Аны күчтүү кылып жаткан эрдиктин күчү эмес, тамактын күчү. Чынында эле ар-намыс, адамкерчилиги бар киши конокко келип эт уурдап жемек эмес (Көкөтөйдүн ашында Ж-дун кемеге башында быша элек этти зордуктап жегени жөнүндөгү эпизод). Ж-дун ыксыз кара күчү менен жанда жок соргоктугуна ашкан ала көөдөн, мактанчаактыгы шайкеш келип, анын рухий жардылыгын, көңдөйлүгүн ого бетер айгинелеп турат. Жоо баатыры Жолойдун рухий жардылыгы, адепсиздик, көңдөйлүгүнөн тышкары анын образына кекчилдик, ач көздүк, жаңжал чыгарууга жакындык сыяктуу терс сапаттар мүнөздүү. Ж-дун ашынган ачкөздүгүн «Көкөтөйдүн ашында» өткөрүлгөн ат чабыштын байгесин күч менен тартып алган зордукчулдук иш-аракети айгинелейт. «Ачбуудандын байгесин, алдырганча өлөлү» деп жаңжал чыгаргандардын бири Ж. болот. Радлов жазып алган вариантта да Ж. баш болгон калмактар кыргыздардын мал-мүлкүн талап алышат. Жекеме-жекеде Манас баатыр Ачалбарс кылычы менен Ж-дун башын кыя чабат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ж. бул эпизоддо өлбөйт, «Манас» бөлүмүнүн дээрлик бардык окуяларына катышып, кийинчерээк ажал табат. Ал эми Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Ждун образынын салттуулугу сакталган жана акырына чейин элдин оң идеалына, көз карашына карама-каршы коюлган. Ошондуктан эпика.лык Ждун образынын да кеңири масштабда жогорку көркөмдүктө баяндалышы «Манас» эпопеясынын монументалдуулугунун дагы бир фактору катары эсептелүүгө тийиш. С. Алиев |
жолой |
|
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | жолой |
Множ. число | жолойлор |
Склонение по падежам - "жолой"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | жолой |
Родительный Чей? | жолойдун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | жолойго |
Винительный Кого?, Что? | жолойду |
Местный Где?, У кого? | жолойдо |
Исходный Где?, У кого? | жолойдон |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | жолойлор |
Родительный Чьи? | жолойлордун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | жолойлорго |
Винительный Кого?, Что? | жолойлорду |
Местный Где?, У кого? | жолойлордо |
Исходный Откуда?, От кого? | жолойлордон |
Найти все переводы слова "ЖОЛОЙ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖОЛОЙ"?
Ввойти