Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Векселди узартуу

ВЕКСЕЛДИ УЗАРТУУ – вексель боюнча төлөө мөөнөтүн узартуу. Мыйзам боюнча же вексель кармоочунун жана төлөөчүнүн ортосундагы келишим (В. у. келишими) боюнча ишке ашырылат. Мыйзам боюнча В. у. эгер жагдай векселди төлөөгө көрсөтүүгө же ал боюнча нааразылык жасоого (м.: мамлекеттин мыйзамдык буюртмасы же багынбас күчтүн таасири) объективдүү тоскоолдук кылганда келип чыгат. Келишимдик В. у-нун 3 түрү болот: а) жөнөкөй В. у.– векселдик милдеттенмени аткарууну убактылуу токтотуучу кармоочу менен төлөөчүнүн ортосундагы макулдашуу; б) түз же жиктештирилген В. у.– вексель боюнча төлөмдөрдүн жаңы мөөнөтүн белгилөө; в) кыйыр В. у. – төлөм мөөнөтү кечирээк жаңы векселди коюу.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: