Menü
Эл-Сөздүк

Банк консорциуму (синдикат)

БАНК КОНСОРЦИУМУ (СИНДИКАТ) – ири кредиттик аткарымдарды биргелешип жүргүзүү жана зайым алуучулар төлөбөй кеткен учурларда анын катышуучуларынын чыгым көлөмүн азайтуу максатында убактылуу түзүлгөн банктар тобу. Б. к-нун мүчөлөрү өзалдынчалуулугун толук сактайт жана башка банк бирикмелеринин катышуучусу боло алат. Б. к. катышуучулардын мүчөлүк акы эсебинен бирдиктүү фондду түзөт, ошондой эле банктар аралык кредиттен пайдаланат. Б. к-н башкаруу атайын түзүлгөн аткаруу органы же анын мүчөлөрүнүн бири тарабынан жүргүзүлөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: