Menü
Эл-Сөздүк

Баланстан тышкаркы эсеп

БАЛАНСТАН ТЫШКАРКЫ ЭСЕП – ошол ишканага менчик катары тийиштиги жок каражаттарды эсепке алууга багытталган бухгалтердик эсеп (м.: ижарага алынган негизги каражаттар; жооптуу сактоого алынган товардык-материалдык баалуулуктар; монтаждоо үчүн кабыл алынган жабдуулар; менчиктештирүү чектери ж. б.). Эки ирет жазуу усулу менен чагылдырылуучу баланстык эсептен айырмаланып, Б. т. э. бир гана жолу жазылат. М.: негизги каражаттарды ижарага алууда жазуу ижарага алынган негизги каражаттардын дебетинде гана көрсөтүлөт, аларды ижара берүүчүгө кайтарууда – кредит эсеби боюнча гана жазылат.

Баланстан тышкаркы эсеп

Белгилүү бир шарттарда ишке ашырылышы мүмкүн болгон акчалай укукту же милдеттенмени чагылдырган эсепке алуу эсеби. Баланстан тышкаркы эсеп баланста камтылбайт, анын активдеринде жана пассивдеринде чагылдырылбайт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: