АКЦИЗ (фр. accise, лат. accidere – кесүү) – негизинен кеңири
керектелүүчү товарларга жана жеке менчик ишканалар көрсөтүүчү кызматтарга
(баасына же тарифине кошулган ) салынуучу кыйыр салыктардын түрү. Сатып
алуучулар (кардарлар) тарабынан төлөнөт. Алуу ыкмасына карай индивидуалдык
(жеке) жана универсалдык (жалпы) болуп бөлүнөт. Индивидуалдык А. товарлар менен
кызмат көрсөтүүлөрдүн кээбир түрлөрүнө, ар бир товар (кызмат) бирдигине туруктуу
өлчөмдө белгиленет. Универсалдык А. жүгүртүмдөн дүң алынат жана товардын жана
кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына карата үстөк пайыз түрүндө белгиленет. А.
жыйноочулары иш жүзүндө, же ошол акциздик товарды өндүрүүчүлөр, же салык
салынган кызматтарды көрсөтүүчүлөр болот. Товарларга А. үч түрдүү салынат: а)
бирдиктүү-топтун ичинде сапаты, сорту жана баасы боюнча анча айырмаланбаган
товарлар үчүн (туз, ширеңке, шекер); б) дифференциалдуу (айырмалуу) түсү,
бышыктыгы боюнча ар түркүн сапаттык белгилерге ээ товарлар үчүн (шарап, зергер
буюмдар ж. б. ); в) орточо, сорттору ар түрдүү баадагы бир кылка товарлар үчүн
(тамеки буюмдары).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как Акциз
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
8Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 4 х 2? Ответ:
Отправить