|
Гарантийный срок годности
|
|
ЖАРАКТУУЛУКТУН КЕПИЛДИК МӨӨНӨТҮ – даярдап чыгаруучу тарабынан белгилүү бир убакыт ичинде баардык белгиленген стандарттар же башка милдеттүү эрежелер так сакталганда гана, продукциянын колдонуу көрсөткүчтөрү менен керектөө касиеттери жарактуу боло турган мезгил аралыгы Ж. к. м. продукция чыгарылган күндөн колдонууга жарактуу боло турган күнгө чейинки, же болбосо колдонууга жарактуу боло турган мезгилге чейинки мезгил аралыгы менен белгиленет. Ж. к. м. өткөндөн кийин, адатта, продукция өзүнүн керектөө касиетин жоготот жана ал өз багытында колдонуудан чыгат (м.: батарейка, дары-дармек ж. б.).
|