|
Аппарат Гольджи
|
|
(цит.) Гольджи аппараты; клетканын органелларынын бири. Анатомияда органдарды А. деп да атайт. А. жевательный (анат.) — кепшөө аппараты, айбандын тамак майдалоо аппараты; а. Запирательный (анат.) — бекиткич аппарат, (мисалы, моллюскалардын капкаларын жабуу аппараты); а. звуковой (анат.) — табыш аппараты, субагай канат жандыктардын (мисалы, чегирткелердин) табыш чыгарып туруучу аппараты; а. копулятивный (анат.) — катышуу аппараты, омурткасыз айбандардын эркектик мүчөсү; а. паутинный (анат.) — желе жасоочу аппарат; жөргөмүштөрдүн желе жасоочу аппараты, а. половой (анат.) — жыныс аппараты, жандыктардын жыныстык катнашуу функциясын аткаруучу аппарат; а. прядильный (анат.) — ийрүүчү аппарат, жөргөмүштүн желе жасоочу аппараты; а. ротовой (анат.) — ооз аппараты, жандыктардын ооз жакка орношкон жалпы органдарынын аты; а. ротовой грызущий (анат.) — ооздун кемирүүчү аппараты, омурткасыз жандыктардын жем кемирүүгө арнапган ооз аппратынын бир түрү; а. ротовой колюще-сосущий (анат.) — ооздун сайып-соруучу аппараты, омурткасыз жандыктардын жем сайып, сорууга арналган ооз аппартынын бир түрү; а. ротовой лижущегрызущий (анат.) — ооздун кемирип-жалоочу аппараты, омурткасыз жандыктардын жем кемирүүгө, жапоого ылайыкталган ооз аппаратынын бир түрү; а. ротовой сосущий (анат.) — ооздун соруучу аппараты, омурткасыз жандыктардын жем сорууга ылайыкталган ооз аппаратынын бир түрү а. Слуховой (анат.) — уктуруу аппараты, субагай канат жандыктардын табыштарды, үндөрдү кабыл алдыруучу аппараты; а. Совокупительный (анат.) - жыныс катыштыргыч аппарат (эркекте болот), а. статический (анат.) — статикалык аппарат, денени былк эттирбей туруучу аппарат; а. цедильный (анат.) — чыпкалоочу аппарат, суудан, суюктуктан тамакты чыпкалап алып калуучу аппарат; а. экскреторный (анат.) — экскреттик аппарат, организмге керексиз заттарды сыртка чыгаруучу аппарат, а. ядовитый (анат.) — уулуу аппарат; жөргөмүштөрдүн уу жасоочу аппараты.
|