Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Шарият

Шарият (ар. шариа – максатка туура жол) – курандын жана сунналардын (үрп-адаттардын) негизинде иштелип чыккан диний-этикалык жана укук эрежелеринин жыйындысы. Ш. 7-12-к-да Араб халифатында түзүлгөн. Ал мусулмандардын негизги диний укуктарынан тышкары мамлекеттин граждандык, кылмыш процессинин укуктар нормасын камтыйт. Ш. Ислам мамл-нде – динди туу туткан өлкөлөрдө өзгөчө үй-бүлө, нике ж-а мурас укугу жагдайында колдонулат. Ш. – Орто Азияда, Казкстан ж-а Кавказда араб баскынчылары тарабынан ислам дининин таратылышынын натыйжасында пайда болгон. Ш-тын булактары – 1. куран; 2. сунна; 3. кыяс; 4 иджима эсептелинет. Бул булактар диний жана динге негизделбеген мыйзамдардын жыйындысын камтыйт. Ш-тын негизинде укук менен дин бир түшүнүктө каралат (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 432-433-бб.).

шарият

зат. дин. Мусулмандардын адам коомунун бардык жактарын камтыган заң-закондору, таалим-тартиби. Молдолордун шариятын угуп башыңды айландыргыча, газета-журнал окуганың түзүк эмеспи («Ала-Тоо»).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: