|
Аварийный комиссар
|
|
КЫРСЫК КОМИССАРЫ – камсыздандырылган кеме же жүк боюнча зыяндын өлчөмүн, себебин жана мүнөзүн аныктоо ишин жүргүзгөн адам. К. к-нын аты-жөнү менен дайын-дареги камсыздандыруу баракчасында көрсөтүлөт. Камсыздандырылган кеме кырсыкка кабылганда аманатчы К. к-на кайрылат. К. к-нын иш-милдети аманатчынын нускамасы менен аныкталат. К. к. келтирилген зыяндын себебин, мүнөзүн, өлчөмүн аныктаган кырсык баракчасын түзүп, анын негизинде камсыздоочу камсыздандыруучунун чыгымын төлөп берүү чечимин кабыл алат, же анын талабын четке кагат.
|