Меню
Эл-Сөздүк

ҮЙ ЖЫГАЧТАРЫНЫН ЖЕРДИГИ Элдик

(15 чарчы см) кылып, түз кылып тигет. Алар бири-бирине бой тирешип, «атаандашып» шоолдоп өсөт. Анын бутагы да аз көрүнөт. Мына ушул үй жыгачынын ойдогудай жердиги боло алат. Ал тиккен жыгач «калемче» деп аталат. Анын узундугу 15—20 см болот. Бул өзүнчө бутак, тамыр байлап өсүп чыгат. Узун-кыска, жоон-ичке болбой иштетүүгө оңой. Калемче жыгачтар үч-беш жылдын аралыгында матоого жарап калат. Үч жылдыгы алтымыш баш үйгө, беш жылдыгы сексен баш үйгө, жүз баш үйгө керектелет. Мына ушунун негизинде үй көлөмүнө жараша жыгачы аныкталат.
      Жыгачты түбүнөн такай кыюу керек. Анткени, ал матоого чыдамдуу болуп, кийин матоосу жанбайт. Жыгач катуу келет, чымыр көрүнөт. Себеби түбүнөн өнүп чыгат. Алсак, чалгынын туткасын ийиш үчүн да ушул калемче болуп тигилген жыгач керектелет.
      Үй жыгачын чеберлер көбүнчө октябрь, март айларынын аралыгында кыят. Бул учурунда тулкусунда маңызы аз болот да, жыгач борсубай, талаптагыдай кургоого ыңгайлуу келет. Кабыгы дароо аарчылат. Байкаган адамга жыгачта эки кабык көрүнөт. Мунун сырткы кабыгы көк, калың резина өңдүү болот. Ички кабыгы боз темгил өңдөнүп, жыгачтын өзүндө калат. Ал жыгачты жарылуудан сактайт. Көлөкөдө как кургагандан кийин аны иштетүүгө болот. Жыгач нымдуу чакта кармалса, матоосу кийин жанып кетет.
      Талас тарапта боз үйдүн жыгачы самби талдан тандалат. Аны өзүлөрү тигип алышат. Тигилүүчү талдын узундугу 30—40 см келип, анын өсүшүнө такай көз салбасаң чырмоок басат. Усталар айткандай, отоо чөп (зыянкеч чөп) «муунтуп», «жеп» таштайт. Тигилген чырпык төрт жылда үй жыгачына жарайт. Анын ордуна кайрадан талдар өсөт. Улам кыйган сайын бутактары көбөйүп, ал кайра үй жыгачына керектелет. Кыркылган тал көлөкөдө кургатылат. Тезге коердун алдында самби жыгачтын кабыгы аарчылат. Түрпүгө салынган уук-кереге сулуу көрүнөт да, жошону жакшы кабыл алат.
      Адатта, самби тал жерге жыш тигилет. Анын ар бирин чүпүрөк менен короолоп койгондо алты айга жетпей тал тегиз да, камчы саптай түз да өсөт. Муну үч метр болгондо кыят. Жердин шартына карата өсүмдүктөр бат, же кеч өсүшү ыктымал.
      Шамалдуу жайда дайыма термелип турган жыгачтар ыкталат. Шоолдоп, шамал терметип тургандыктан ал копшолот. Демек, токойдун калың жеринин жыгачы түз жана ичкерээк келет. Мыкты жыгаччылар жердиктин мына ушундай ички бөтөнчөлүктөрүнө назар ташташат.
      Негизги жердик кара талды чеберлеп, суусунда чаап, бүтөөрдө туздуу сууга кайнатып алышат. Жыгач өтө суусунда да, кургагында да жарылат. Туз аны чыйралтат да, тарамыштай катуу кылып таштайт. Үч-төрт ай турганча тал-теректин кабыгы аарчылбайт, маңызы өзүнчө сиңип кетет. Биринчиден, жыгач жарылбайт, экинчиден, ал салмагын сактайт. Ага аталгы баштаган үч-төрт керкинин мизи тиет. Аны тегерек чөмүч, кашыктай кылып, курч металлдан усталар өзүлөрү жасап алышат. Азыр чеберлер электр араасын, түрдүү кол арааларын, өгөөлөрүн, түрпүлөрүн пайдаланышууда.
      Ат-Башы, Нарын тараптын үй жыгачтары бышык келет да, жасаган буюмуңду алган адам нап табат. Бирок, мында каратал иштетүүгө жеңил, урунууга морт келет. Себеп дегенде анын өзөгү жоон болуп, сынма.
      Кызыл тал ырас өсөт. Жумгал талы тамаркага тигишет. Жергиликтүү токой теректери бааланат. Мырза терек ал жактын климатына жараша көп чоңое албайт.
      Ат-Башы, Нарында үй жыгачына узанууда дагы бир ыкма бакты кесип келет. Бул аракет өсүмдүктүн жалбырагы түшкөндөн кийин, же өсүмдүк бүрдөгөнгө чейин башталат. Жыгаччы кесип коюп, ошол боюнча жайына таштабай арыдан-бери аарчып, ийрилерин түзөп, он-он бештен аяк-башынан таңып, дубалга жөлөп коет. Анын кайсынысы уукка, кайсынысы керегеге таандык экени билинет.
      Анда кабыктуу тал нымдуу жайда борсуйт. Анын кургак бети жарылма болуп калат.
      Кара тал бекем болуп, жылма чабылат. Муну таасын кургатуу үчүн табын билүү зарыл. Талды убагында чаап, шамал жана күндүн шооласын көрсөтпөй, көлөкөдө сактайт. Бирок, анын бутактуу жерлери өзөккө дейре кетет. Аны үрпү, ийги аркылуу кетиш керек. Минтпесе, ал кийин чордонуп, буюмдун абалын бузуп, жарака чыгарат. Кыскасы, жыгачтардын бутактуу жерлерин абайлоо тийиш. Мында он беш жылдык талдар иштетилүүдө ийкемдүү келет. Ансыз кара талдардын бутагы оюлма, кийин мең болуп калат.
      Кара талга караганда кайыңды иштетүү оңойдой сезилет. Кайың суу чагында шамалга бат жарылат. Муну чаап болуп, жымсалдоо мезгилинде эле туздуу сууга кайната коюу керек. Кайыңда бутак аз болот. Ак түскө айланып, кармалган буюмдар көрктүү көрүнөт. Мындан ашкана идиштери чабылат. Муну кургаткандан кийин да салмагы берки жыгачтардан оор болуп турат.
      Көк терек да анча чирибейт. Буюм суйкайып сыйда түшөт. Кыйып келгенде муну иштетүүбүз «чөп чапкандай» өтө жеңил. Убагында кургатылат, убагында чабылат. Кургаган чакта жиксиз кынапталып, бириктирүүгө да, кураштырууга да, желимди кармоого да жакшы келет.
      Кол башындай буюм-тайымдар үчүн липа талаптагыдай жердик боло алат. Сууга да, күнгө да, ысык суукка да чыдамдуу бул жарылып кетпейт. Бутаксыз өскөн аны жонуу жумшак, иштетүү жеңил.
      Кара жыгач жашында оңой иштетилгени менен кургаган чакта ага керки, чот өтпөй калат. Жыгачтардын устакерчиликке баш ийбеген учурлары да баамдалат. Демек, буюмдун формасын өзүндөй берүүгө жыгач анча моюн сунбай калат. Ал эми жыгачты курандылап, буюм жасоо жердиктин табиятына анча жатпайт. Ал табигый окшоштукка ээ боло албайт.
      Шамалдуу жайда дайыма термелип турган жыгачтар мыкты болот. Дайыма термелген жыгач ыкталат. Шоолдоп түз өсүп, шамал терметип тургандыктан ал копшолот. Карагайдын калың өскөн жери ичкерээк, түз келет. Жердин шартына карата өсүмдүк бат же кеч өсүшү да ыктымал. Боз үй көтөрүүдө бир нече усталардын түрдөнтүп кармаган айлакер чеберчиликтери баамдалат.
      Үй жыгачы — боз үйдүн сөөгү, үйдүн кептүү тигилиши, кээ бир чеберлер, адатта, жапайы талды кыйып, аны дароо аарчый коюп, ошол бойдон кургатып, анан кыкты «кордоо» аркылуу матоого алат. Талды мурун кыйса, анын ичи көңдөйлөнүп калат. Анда тал көөп турган мезгили
      болот да, тезге койгондо бортулдак келет. Боз үйдүн сөөгү үчүн суу жээгиндеги сайга чыккан талдар бышык көрүнөт.

Примеры переводов: ҮЙ ЖЫГАЧТАРЫНЫН ЖЕРДИГИ Элдик

Кыргызский Русский
элдик общественного
элдик обон кантри
Отуз миң шайлоочу (элдик демилге); тридцать тысяч избирателей (народная инициатива);
элдик чыгармачылыктын чыгармалары; народные произведения;
Чет элдик жеке адамдардын жана юридикалык жактардын укуктары Права иностранных физических и юридических дает
Элдин айтымында ал - айрым жамааттарга келген биринчи чет элдик. Он является первым иностранцем, посетившим некоторые общины, люди сказали ему.
■ мамлекеттик кызматтарды уюштуруунун чет элдик тажрыйбаларын билүүсү; | Знание зарубежного опыта организации государственной службы;
Чет элдик юридикалык жак өзүнун фирмалык аталышын Кыргыз Республикасынын аймагында каттатыра алат. Иностранное юридическое лицо может зарегистрировать свой фирменное наименование на территории Кыргызской Республики.
Бул нерсени демократия же элдик өкмөт деп айтсаңар болот, бул эки түшүнүктүн ортосунда эч кандай айырма жок. Будь вы называете эту демократию или народное правительство не имеет никакого значения.
120 депутаттан турган Жогорку Кеңеш, улуттук партиялык тизмелерден пропорционалдык негизде жалпы элдик шайлоо аркылуу 5 жылга шайланат. Жогорку Кенеш (Верховный Совет), состоящий из 120 депутатов избирается всеобщим голосованием с общенациональным партийным спискам на пропорциональной основе в течение 5 лет.
Бийлеген жаш балдардан баштап, элдик китепканаларга чейинки маалыматтарга кирүүгө жарандар үчүн чектеген маселелер күн сайын көтөрүлүүдө. От танцы младенцев публичных библиотек, вопросы, которые будут разграничивают доступ к глобальной граждан к информации оспариваются ежедневно.
бүткүл эл тарабынан шайланган мамлекет башчысы - Кыргыз Республикасынын Президенти өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгү; верховенство власти народа, представляемой и обеспечиваемой всенародно избранного главы государства, президент Кыргызской Республики;
Кыргыз Республикасында адам укуктарына жана эркиндиктерине каршы келбеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат. В Кыргызской Республике народные обычаи и традиции, не противоречащие правам и свободам человека, поддерживаются государством.
- Референдум (жалпы элдик добуш берүү) Президент тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жарыяланат. #ИМЯ?
Декларация адегенде мамлекеттер үчүн түзүлгөндүгүнө карабастан, азыркы күндө тарыхтагы эң көп которулган жалгыз документ, демек, элдик документ болуп калды. Хотя он начал в качестве документа правительствами, теперь стал самым переводимым один документ в истории, и тем самым документом народов.
Ушул Конвенция ал күчүнө кирген учурга коргоо мөөнөтү өткөндүн натыйжасында келип чыккан өлкөдө элдик мүлк болуп кала элек чыгармалардын бардыгына колдонулат. Настоящая Конвенция применяется ко всем произведениям, которые к моменту ее вступления в силу, еще не попавших в общественном достоянии в стране происхождения вследствие истечения срока охраны.
Маселен, Кошмо Штаттардын Маалымат агенттиги көп жылдар бою чет элдик аудиториялар үчүн башка билим берүү программаларына кошумча катары фильмдерди чыгарып турду. Информационное агентство США, например, в течение многих лет производится фильмы для показа на зарубежные аудитории в дополнение к своим другим образовательные программы.
юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле чет элдик жарандардын токой фондусунун участокторун пайдаланууну ишке ашырууга уруксат берүүчү документтерин текшерүү; для проверки документов физических и юридических лиц, а также иностранных граждан, позволяя им использовать участками лесного фонда;
Өзүмдү ушул жамааттын бир мүчөсү катары сезип калдым жана эл да чет элдик катары алардын тили менен маданиятын үйрөнүүгө аракет кылганымды жогору баалайт», - дейт ал. "Это заставляет меня чувствовать себя частью сообщества, и они ценят усилия я, как иностранец, положить в изучение своего языка и своей культуры."
Бирок, эгерде чыгармага мурда берилген коргоо мөөнөтү өтүп кеткендиктин натыйжасында ал коргоо талап кылынган өлкөдө элдик мүлк болуп калган болсо, бул чыгарма ушул өлкөдө кайрадан коргоо коюлбайт. Если, однако, вследствие истечения срока охраны, который был ранее предоставленного произведению упал в общественное достояние страны, где испрашивается охрана, что работа не должна быть защищена заново.

Примеры переводов: ҮЙ ЖЫГАЧТАРЫНЫН ЖЕРДИГИ Элдик

Кыргызский Английский
элдик public
элдик обон country music
Отуз миң шайлоочу (элдик демилге); thirty thousand voters (a popular initiative);
элдик чыгармачылыктын чыгармалары; folk works;
Чет элдик жеке адамдардын жана юридикалык жактардын укуктары Rights of foreign natural persons and legal entitles
Элдин айтымында ал - айрым жамааттарга келген биринчи чет элдик. He is the first foreigner to have visited some communities, the people told him.
■ мамлекеттик кызматтарды уюштуруунун чет элдик тажрыйбаларын билүүсү; ■ knowledge of foreign experience of the organization of public service;
Чет элдик юридикалык жак өзүнун фирмалык аталышын Кыргыз Республикасынын аймагында каттатыра алат. A foreign legal entity may register his trade name on the territory of the Kyrgyz Republic.
Бул нерсени демократия же элдик өкмөт деп айтсаңар болот, бул эки түшүнүктүн ортосунда эч кандай айырма жок. Whether you call this democracy or popular government doesn’t make any difference.
120 депутаттан турган Жогорку Кеңеш, улуттук партиялык тизмелерден пропорционалдык негизде жалпы элдик шайлоо аркылуу 5 жылга шайланат. The Jogorku Kenesh (Supreme Council) consisting of 120 deputies is elected by popular vote from national party lists on a proportional basis for 5 years.
Бийлеген жаш балдардан баштап, элдик китепканаларга чейинки маалыматтарга кирүүгө жарандар үчүн чектеген маселелер күн сайын көтөрүлүүдө. From dancing babies to public libraries, the issues that will delimit global citizens’ access to information are being contested every day.
бүткүл эл тарабынан шайланган мамлекет башчысы - Кыргыз Республикасынын Президенти өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгү; the supremacy of the power of the people, represented and ensured by the nationally elected head of the state, the President of the Kyrgyz Republic;
Кыргыз Республикасында адам укуктарына жана эркиндиктерине каршы келбеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат. In the Kyrgyz Republic, folk customs and traditions which do not contradict human rights and freedoms are supported by the state.
- Референдум (жалпы элдик добуш берүү) Президент тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жарыяланат. - A Referendum (nationwide vote) can be called by the President with the consent of the majority of the total number of deputies of the Jogorku Kenesh.
Декларация адегенде мамлекеттер үчүн түзүлгөндүгүнө карабастан, азыркы күндө тарыхтагы эң көп которулган жалгыз документ, демек, элдик документ болуп калды. Although it began as a document of governments, it now has become the most translated single document in history, and thereby a document of peoples.
Ушул Конвенция ал күчүнө кирген учурга коргоо мөөнөтү өткөндүн натыйжасында келип чыккан өлкөдө элдик мүлк болуп кала элек чыгармалардын бардыгына колдонулат. This Convention shall apply to all works which, at the moment of its coming into force, have not yet fallen into the public domain in the country of origin through the expiry of the term of protection.
Маселен, Кошмо Штаттардын Маалымат агенттиги көп жылдар бою чет элдик аудиториялар үчүн башка билим берүү программаларына кошумча катары фильмдерди чыгарып турду. The United States Information Agency, for example, for many years produced films for exhibition to overseas audiences to complement its other educational programs.
юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле чет элдик жарандардын токой фондусунун участокторун пайдаланууну ишке ашырууга уруксат берүүчү документтерин текшерүү; to check the documents of individuals and legal entities, as well as of foreign citizens, permitting them to use the Forest Fund plots;
Өзүмдү ушул жамааттын бир мүчөсү катары сезип калдым жана эл да чет элдик катары алардын тили менен маданиятын үйрөнүүгө аракет кылганымды жогору баалайт», - дейт ал. "It makes me feel like part of the community, and they appreciate the effort I, as a foreigner, put into learning their language and their culture."
Бирок, эгерде чыгармага мурда берилген коргоо мөөнөтү өтүп кеткендиктин натыйжасында ал коргоо талап кылынган өлкөдө элдик мүлк болуп калган болсо, бул чыгарма ушул өлкөдө кайрадан коргоо коюлбайт. If, however, through the expiry of the term of protection which was previously granted, a work has fallen into the public domain of the country where protection is claimed, that work shall not be protected anew.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: