ЭНТАМГА – 1) мөөр, колтамга үлгүсү же кандайдыр бир сөз түшүрүлгөн энсалгы, ошондой эле мөөрдүн же энсалгынын документ бетиндеги көчүрмөсү; 2) документ же басылма бетиндеги пайдалануунун өзгөчө тартибин билдирүүчү кандайдыр бир жазуу (м.: «Кызматтык пайдалануу үчүн» Э-сы).