-
сүрөөн
-
зат. 1. Ат чабышта ж. б. учурларда коштоп сүрөгөн, дем берген кыйкырык-чуу. Бүркүт менен ителги кыйкырык-сүрөөндө жаалына келет (Каимов). Ат чабышта сүрөөн салуу.
2. Душманын сездендирүү, үрөйүн учуруу максатында чабышка, урушка киргендеги кыйкырык-чуу, айбат. Баатыр Сыргак, эр Алмаң, Бакырып салып чоң сүрөөн («Манас»).
3. өт. Чакырык, алга чакырган ураан; алга тарткан, дем берген жардам. Батырактар түшүндү Партиянын сүрөөнүн (Калык). Туугандар, — деди Жапар күлүп, — сиздер эки жылдан бери «Өрнөк» колхозун сүрөөнгө алып, чоң жардам бердиңиздер (Баялинов).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сүрөөн