-
кашык
-
ложка;
сыр кашык деревянная крашеная ложка;
чапма кашык самодельная деревянная ложка;
калай кашык алюминиевая ложка;
бал кашык или чай кашык чайная ложка;
чоюн кашык чуйск. небольшая сковородка с ручкой;
кол кашык чатк. металлический уполовник;
жамандан жарты кашык аш калыптыр- погов. ешь (или съем) всё до конца (букв. от никудышного осталось пол-ложки пищи);
кашык мурун колпик (птица);
өзүнүн салган кашыгын сал- отплатить той же монетой;
өзүнүн салган кашыгы а это ему отплата той же монетой;
асманда кашыктай булут жок на небе ни тучки;
кашык канын бериңиз ради меня даруйте ему жизнь (букв. дайте мне ложку его крови);
эрдиң тийбеген кашык калбады ты всего попробовал;
ты на своём веку поел всего и вволю (букв. не осталось ложки, которой бы не коснулась твоя губа).
-
КАШЫК
-
«Кашыктап жыйган мүлкүмдү, Чакалап чачып отурат» (Эл ыры). Бул — жыгач идиштеринин бир түрү. Узуну 10—15 см, ичтүүлүгү 25—30 грамм кашык сабынан кармап, тамак ичүүгө ылайыкталган. Сузгунун (чөмүчтүн) кичинекей түрү. Буга узанууда бир аз айырмачылыктар бар. Чеберлер сузгуну керки, байтеше аркылуу чапса, кашыкты жасоодо бычак, өзүнүн кичинекей ийгиси керек. Кол башындай бул идишти бычак жана ийги аркылуу жапырактатып кырат. Сузгунун да, кашыктын да башынын ичин карай иймекей сабы болот. Муну усталар этияттап жасап чыгарса, колго эптүү, көзгө көркөмдүү көрүнөт. Усталар өзүлөрү да көчүрүп өстүрүп алышкан тал-теректерди көбүрөөк керектейт. Кырма идиштерин бүтүндөй бир колдон чыгаргандар жыгачтардын ич ара айырмачылык бөтөнчөлүктөрүн айра тааныйт. Башкалардай эле ак тал, кара тал, турпан тал, эчки тал, жер тал, сары тал, бака терек, кайың, арча, карагай, жаңгак жана башкаларды кашык, сузгу жасоого негизги жердик катары бааланат. Булардын ички касиеттерин билип-туюп узангандыктан урунууга бышык келет.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кашык