-
ЖҮГӨРҮ
-
ЖҮГӨРҮ Назар уулу (болжол менен 1864— 1941) — семетейчи. Назар Манасчынын уулу. Эпостун «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүн айткан жомокчу болгон. Ал жөнүндө замандашы Беки уулу Жолочу буларды эскерет: «Жүгөрү согуш башталган жылы 77 жаш чамасында өлдү. Жүгөрүнү да Совет мезгилинин алгачкы жылдары тиешелүү мекемелер «Манас» айттырууга чакыртса өзүнүн карылыгын шылтоо кылып барган эмес экен. Ал эпостун «Семетейин» толук айтчу. Сейтектин төрөлүшү, кайра элине келишин да Жүгөрү айтчу. Ошондуктан эл аны семетейчи-жомокчу деше турган» (Кол жазмалар фондусу, 233-инв., 1-б,).
-
ЖҮГӨРҮ
-
ЖҮГӨРҮ — эпизоддук кейипкер. Каныкейге күйөөлөп келаткан Манастын кошунун көргөн Ж. Кейип шаарын чапканы келаткан кол деп ойлоп, Атемирге кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 2. 392). ЖҮГӨРҮ — эпизоддук кейипкер, Котон шаарынын балбаны. Бокмурун ашка чакыртып (Саякбай Каралаев, 2. 14), биринчилерден болуп ашка келгени айтылат (Саякбай Каралаев, 2. 19).