БУЛДУРСУН — эпосто баатырлардын (Манас, Семетей) камчысы. Көкөтөйдүн ашындагы балбан күрөштө Жолой менен күрөшүп жатып уктап кеткен Кошойду Манас «Чапса кулак тундурган Кара жаак булдурсун» (Саякбай Каралаев, 2. 47) менен куйрукка чапканда, көзү умачтай ачылып Жолойду жыгып жеңишке жетет.