Меню
Эл-Сөздүк

ТЕРИДЕН ИШТЕТИЛГЕН БУЮМДАР

(Теричилик) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Бул терини түрдүү ыкмага салып, жасалга колдонмо буюм-тайымдарына жердик кылуу. Терини жергиликтүү жердик катары урунуу. Иштетилген терилер «түктүү» жана «түксүз» делинип экиге бөлүнөт. Терини колдон иштетүүдө «жыдытуу», «малмага салуу», «ашатуу», «ийлөө», «жибитүү», «өңдөө» (бордоо), «боео», «ыштоо», «тилүү» жана башка ушул өңдөнгөн түркүн жолдору бар. Ушундай ар кыл ыкмаларды таасын колдонуу менен түркүн буюм-тайымдар жасалат. Тери буюмдарын кармоо элибиздин күндөлүк жашоо-турмуш шартына тыгыз байланышкан.
      Малдын, кайберендин жана аңдардын терилери көчмөңдүү элдин буюм жасоолору үчүн өтө зарыл болот. Ушундан улам «Тогуз катар торкодон акемдин түгү өтүптүр» деген калк накылы чыккан. Азыркы учурда теринин баркы ого бетер артылууда. Жалаң гана териден жасалган кийим-кечектердин түрлөрүнө: тон, чыптама (өпкө кап), ичик, шым, тебетей, малакай, тумак, көн буюмдары кепич, маасы, кол кап, мөкү, көкжеке, кур (кемер), томого, каргы, чыны кап өңдүүлөр кирет.
      Ошондой эле шири идиштери: көнөк, көөкөр, көнөчөк, сабаа, чанач, супура, тулуп сыяктуулар тоолук элдердин сынбаган-бүлүнбөгөн, урунууга бышык идиштери болот.
      Ат жабдыктарына да малдын, кайберендин, терилери бирден-бир жердик болот. «Тилүү», «каптоо», «каюу», «оюм, наар түшүрүү» жана «өрүү» өңдүү сыналган өнөрү аркылуу тери буюмдарын жүзөгө ашырган элдик чеберлердин эчактан бери келе жаткан жөрөлгөлөрүн жаземдебей улаган усталар жана уздар азыр да бар.
      Жашоо-тиричилигибизде тон, желетке, чыптама (өпкө кап) жасоого да көңүл бурулган. Мында кийимдин жасалышы боюнча ар кыл өзгөрүүлөр байкалат. Бир кездерде тери кийимдеринин белине, көкүрөк тушуна, этек-жеңдерине көрпөдөн «жээк» кыюуланган. Мындай кадимки пальто формасындагы кийин чыккан кийимдерге көбүнчө топчу да, илгич да кадалуучу. Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде ага чейин тери менен жүн кийимдерин колдон иштетүү өтө өөрчүгөндүгүн көрөбүз. Албетте, буга бир эсептен кыйынчылык жашоо-турмуш өзү себепкер.
      Малдын терисинен элдик кол өнөрчүлүктүн мурунку жөрөлгөсүн сактап, кийим-кече кылып кийүү таламдары улам барган сайын тарууда. Элет жерлеринде гана көрпө саксактан ичик жасашат. Аны баш кийит катары баалашат. Күндөлүк жашоо-тиричилик жагдайын тике багыттаган түркүн тери буюмдарынын саны баштагыдан абдан азаюуда. Бирок, мал киндиктүү кыргыз жергесинде көөкөр, көнөчөк, көнөк, сабаа, төтөн, чанач сыяктуу идиштерди урунуунун зарылчылыгы аябай бар. Азыр жылкы чарбасын өстүрүп, анын продуктуулугун арттырууда багыт берилүүдө. Ала-Тоону түптөп отуруп, желе байлап, кымыз ачыткан, боз үй тиккен кыргыз элине мындай шири идиштерин мындан ары өнүктүрүүгө ойдогудай мүмкүндүк берет.
      Ата-бабаларыбыздан, тээ, түпкү чыгышыбыздан бери малдын терилеринен түркүн буюмдар кармалуучу, азыр уйдун, жылкынын, топоздун, төөнүн терилерин анча барктабай баратабыз. Ал эми жандыктардын терилеринин жүнүн жыдытып, жаргагын ыргытып жиберебиз. Булар — ошол элдик көөнөрбөс нускалардын түбөлүктүү жердиги. Бардар турмуштун мына ушул малдын, кайберендин терилеринен мурдатан келе жаткан көркөм өнөрдүн жөрөлгөлөрүн андан ары өнүктүрүүнү сүрүп чыгарды. Аны сактап, кийим-кечек тигип кийүүнү четке кагууда. Күндөлүк тиричилик жагдайын, багыттаган ар кандай тери буюмдарынын саны баштагыдан абдан азаюуда. Кыргыз элинин тоолук турмушу мындай идиштерге качан да болсо муктаж. Муну мындан ары тиричиликтик буюм-тайым жана элдик өнөр катары өнүктүрүүгө шарттар боло албай жатат. Сабаабыз челекке, көөкөрүбүз мискейге, чаначыбыз конистрге, супурабыз клеенкага, тулупубуз баштыкка алмашып, даяр нерселерди гана колдонуудабыз. Кыргыздын өзүнүн улуттук буюмдары кылымдар бою көчмөңдүү турмушубузга байланыштуу болгондуктан булар азыркы мал чарбачылыгы өрүш алган элибиздин эмки жашоосуна да айрыкча маанилүү. Аларды көчүп-конуп, талаа-түздө жүргөн турмушубузда урунуу өтө ыңгайлуу.
      Буларга куюлган тамак-аш эч качан өзүнүн даамын, түсүн жана сапатын бузбайт, кайра жакшыртат. Кымыз куюлган чаначта, бышылган сабаада гана даана даамына чыгат.

Примеры переводов: ТЕРИДЕН ИШТЕТИЛГЕН БУЮМДАР

Кыргызский Русский
Буюмдар, иштер жана консультациялык эмес кызматтар. Товары, работы и Non-консультационных услуг.
Долбоордун Экинчи Бөлүгүндө каралган Буюмдар жана Иштер Товары и работы в соответствии с частью 2 проекта
Мал кармоо жана аларды багуу үчүн буюм заттар жана буюмдар. Предметы и аксессуары для животных и уход за ними.
Долбоордун 1(а) жана 1(d) Бөлүктөрүндө каралган Буюмдар жана Иштер Товары и работает под частей 1 (а) и 1 (D) проекта
буюмдар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдалангандык жөнүндө; незаконное использование наименования места происхождения товара;
Жана ал буюмдар кымбаттап, саны азайып, мындан ары экспорттолбой калат. И эти вещи станут дороже, менее доступны и больше не будет экспортировать.
текстильдик өлчөнүүчү буюмдар, жасалма жана накта жалбырак материалдары. мерных текстильные изделия, искусственные и натуральные листовые материалы.
Көлөмү же саны жактан чектелген буюмдар гана алмашуу каражаты боло алган. Эти товары, которые они выбрали были товары, которые были доступны только в ограниченных количествах.
сааттар, ченөө, көзөмөлдөө жана кабарлоо үчүн башка буюмдар жана аспаптар. часы, прочие приборы и инструменты для измерения, контроля и сигнализации.
Алмашуу каражаты катарында колдонулган бардык буюмдар акырындап отуруп жоюлган. Все другие товары были ликвидированы как средства обмена.
Фармацевтикалык жана косметикалык каражаттар, туалеттик буюмдар жана приборлор. Фармацевтические и косметические средства, туалетные принадлежности и приборы.
коомдук таламдарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү буюмдар. изделия, противоречащие общественным интересам, принципам гуманности и морали.
Башка класстарга киргизилбеген машинелер жана тамак же суусундуктарды даярдоо үчүн буюмдар. Машины и приспособления для приготовления пищи или напитков, не относящиеся к другим классам.
Пахтадан жасалган буюмдар, албетте, асем буюм эмес, бирок нанга салыштырганда барктуураак болушу ыктымал. Ситца, конечно, не предметы роскоши;они, возможно, предметы роскоши по сравнению с хлебом.
Канцелярдык жана кеңселик буюмдар жана куралдар, көркөм чыгармачылык жана окутуу үчүн материалдар жана буюмдар. Письменные и офисные принадлежности и аксессуары, и расходные материалы для искусства и обучения.
коомдук таламдарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү буюмдар өнөр жай үлгүлөрү катары таанылбайт. изделия, противоречащие общественным интересам, принципам гуманности и морали.
Борбордук жана Чыгыш Европанын адамдары бири-бирине сунуштай турган көптөгөн буюмдар, бири-бирине көрсөтө турган көптөгөн жолдор бар. "Существует так много, что люди в Центральной и Восточной Европе может предложить друг другу; так много способов, в которых они могут помочь друг другу.
Бул убакыт өткөндөн кийин буюмдар ушул Кодекстин үч жүз кырк биринчи беренесинин бешинчи пунктунда белгиленген тартипте сатылышы мүмкүн. По истечении этого срока пунктов, которые не снято, может быть продана ломбардом в порядке, установленном в пункте пятой статьи триста fouty-в первую настоящего Кодекса.
Курал-жабдыктар, пиротехникалык буюмдар, мергенчилик жана балык улоо үчүн шаймандар, зыянкеч-курт-кумурскаларды жок кылуу үчүн түзүлүштөр. Оружие, пиротехнические изделия, охотничьи принадлежности и рыболовные снасти для уничтожения насекомых-вредителей.
Декларацияны берген адамдын кирешелери жана буюмдар улуттук жана чет өлкөлүк валюта түрүндө алынган төмөнкүдөй суммалар катары эсептелет: Вещи и суммы, полученные физическим лицом, подающего декларацию, признаются его доходом, если он получил их в национальной и иностранной валюте, как:

Примеры переводов: ТЕРИДЕН ИШТЕТИЛГЕН БУЮМДАР

Кыргызский Английский
Буюмдар, иштер жана консультациялык эмес кызматтар. Goods, Works and Non-consulting services.
Долбоордун Экинчи Бөлүгүндө каралган Буюмдар жана Иштер Goods and Works under Part 2 of the Project
Мал кармоо жана аларды багуу үчүн буюм заттар жана буюмдар. Items and accessories for the animals and care for them.
Долбоордун 1(а) жана 1(d) Бөлүктөрүндө каралган Буюмдар жана Иштер Goods and Works under Parts 1(a) and 1(d) of the Project
буюмдар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдалангандык жөнүндө; illegal use of the appellation of place of origin of goods;
Жана ал буюмдар кымбаттап, саны азайып, мындан ары экспорттолбой калат. And those things would become more expensive, less available and would no longer be exported.
текстильдик өлчөнүүчү буюмдар, жасалма жана накта жалбырак материалдары. dimensional textile products, artificial and natural sheet material.
Көлөмү же саны жактан чектелген буюмдар гана алмашуу каражаты боло алган. These commodities which they chose were commodities which were available in limited quantities only.
сааттар, ченөө, көзөмөлдөө жана кабарлоо үчүн башка буюмдар жана аспаптар. watches, and other instruments and tools for measurement, control and alarm systems.
Алмашуу каражаты катарында колдонулган бардык буюмдар акырындап отуруп жоюлган. All other commodities were eliminated as media of exchange.
Фармацевтикалык жана косметикалык каражаттар, туалеттик буюмдар жана приборлор. Pharmaceutical and cosmetic products, toiletries and appliances.
коомдук таламдарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү буюмдар. articles that contradict public interests, the principles of humanity and morals.
Башка класстарга киргизилбеген машинелер жана тамак же суусундуктарды даярдоо үчүн буюмдар. Machines and appliances for preparing food or beverages are not included in other classes.
Пахтадан жасалган буюмдар, албетте, асем буюм эмес, бирок нанга салыштырганда барктуураак болушу ыктымал. Cotton goods are certainly not luxury goods; they are perhaps luxury goods when compared with bread.
Канцелярдык жана кеңселик буюмдар жана куралдар, көркөм чыгармачылык жана окутуу үчүн материалдар жана буюмдар. Stationery and office supplies and accessories, and supplies for arts and learning.
коомдук таламдарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү буюмдар өнөр жай үлгүлөрү катары таанылбайт. articles that contradict public interests, the principles of humanity and morals.
Борбордук жана Чыгыш Европанын адамдары бири-бирине сунуштай турган көптөгөн буюмдар, бири-бирине көрсөтө турган көптөгөн жолдор бар. “There is so much that people in Central and Eastern Europe can offer to each other; so many ways in which they can help each other.
Бул убакыт өткөндөн кийин буюмдар ушул Кодекстин үч жүз кырк биринчи беренесинин бешинчи пунктунда белгиленген тартипте сатылышы мүмкүн. At the expiration of this term items that are not withdrawn may be sold by the pawnshop in accordance with the procedure established in point five of Article three hundred and fouty-first of this Code.
Курал-жабдыктар, пиротехникалык буюмдар, мергенчилик жана балык улоо үчүн шаймандар, зыянкеч-курт-кумурскаларды жок кылуу үчүн түзүлүштөр. Weapons, pyrotechnic products, hunting equipment and fishing equipment for the destruction of insect pests.
Декларацияны берген адамдын кирешелери жана буюмдар улуттук жана чет өлкөлүк валюта түрүндө алынган төмөнкүдөй суммалар катары эсептелет: Things and sums received by an individual submitting the declaration shall be recognized as his incomes if he received them in national and foreign currency as:

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: