Меню
Эл-Сөздүк

МАНАС ТРИЛОГИЯСЫНДАГЫ ЭПИКАЛЫК

«МАНАС» ТРИЛОГИЯСЫНДАГЫ ЭПИКАЛЫК ОКУЯЛАРДЫН СҮРӨТТӨЛҮШ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ» — О. Соороновдун монографиясы (Фр., 1981). Эмгекте Тоголок Молдодон жазылып алынган «Манастын» варианты иликтөөгө алынат. «Сөз башында» автор Тоголок Молдонун жалпы чыгармачылыгына мүнөздөмө берип, белгилүү жомокчулардын ичинен вариантын өз колу менен жазып калтырган биринчи манасчы экендигин көрсөтөт. Тоголок Молдонун кыргыз элинин классик акыны болуу менен бирге эпостун үч бөлүмүн тең айта билгендигин, вариантынын жогорку көркөмдүгүн белгилеп, аны чоң манасчылардын тобуна кошот. Китептин «Манас» бөлүмүндө Тоголок Молдонун варианты Сагымбай менен Саякбайдын варианттарына салыштырылат. Варианттын айрым мотивдери Сагымбайдын вариантына кыйла жакындыгы белгиленет. Ошондой эле автор Тоголок Молдонун «Семетей» бөлүмүн да кеңири талдоого алат. Жыйынтыктоочу бөлүгүндө «Сейтек» эпосуна кайрылып, эпоско байланыштуу айрым маселелер боюнча учкай кеп козгоп, анын айрым варианттары туурасында өз алдынча ой жүгүртөт.
Ы. Кадыров. С. Карагулов


Примеры переводов: МАНАС ТРИЛОГИЯСЫНДАГЫ ЭПИКАЛЫК

Кыргызский Русский
Сел жүргөндүктөн жете албаганга байланыштуу Лейлек районундагы Боронбаев атындагы орто мектеп Аксуу айылындагы Манас атындагы орто мектепке алмаштырылган. Из-за недоступности Боронбаев Школы Lailak района из-за селей он был заменен Манас средней школы, села Ак-Суу.

Примеры переводов: МАНАС ТРИЛОГИЯСЫНДАГЫ ЭПИКАЛЫК

Кыргызский Английский
Сел жүргөндүктөн жете албаганга байланыштуу Лейлек районундагы Боронбаев атындагы орто мектеп Аксуу айылындагы Манас атындагы орто мектепке алмаштырылган. Because of the inaccessibility of the Boronbaev School of the Lailak Rayon because of mudflows it was replaced by Manas Secondary School, Ak-Suu village.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: