Меню
Эл-Сөздүк

камкордук

  • trusteeship
  • preoccupation
  • thoughtfullness
  • thoughtfulness
  • Камкордук

    КАМКОРДУК – сот тарабынан жөндөмсүз (жөндөмдүүлүгү чектелген) деп таанылган жашы жетелек балдардын жана адамдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоонун укуктук тариздеринин бири. К. жарандык жана нике-үйбүлөлүк мыйзамдар менен жөнгө салынат. Жашы жете электерди К-ка алуу алардын ата-энелери, багар-көрөрү жок болгон учурларда, ата-энелери сот тарабынан ата-энелик укуктарынан ажыратылганда, ошондой эле андай жарандар башка себептер менен ата-эненин көзөмөлүсүз калганда, алып айтсак, ата-энелер аларды тарбыялоодон, болбосо алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон баш тарткан учурларда белгиленет. К. жаш балдардын ошондой эле сот тарабынан акыл-эстен айнуунун натыйжасында жөндөмсүз деп табылган адамдардын үстүнөн белгиленет. Камкорчу мыйзам күчүнө ылайык, алардын жакын өкүлү болуп саналат, жана алардын атынан, алардын кызыкчылыктары үчүн зарыл бүтүмдөрдү ишке ашырат. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары К. жана багып алуу органдары болуп саналат.

    Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
    strtoupper(KG)
    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: