Меню
Эл-Сөздүк

жаа

жаа I
1. лук (оружие);
канаттуу жаа стрела с оперением;
жаалары өгүз белиндей фольк. у них (у богатырей) стрелы с бычью спину;
жаа тарт- или жаа чой- натягивать тетиву; стрелять из лука;
жаасын тартты он натянул свой лук;
жааны жаза тартпаган он стрелой промаха не давал;
жаа тарткыч ист. лучник (воин, вооружённый луком);
кашы жаадай у неё брови дугой;
2. радуга;
3. мат. дуга;
4. тяньш. деревянная мешалка (для бузы и айрана, с четырьмя развилинами на конце);
жаадай
1) (о человеке) высокий и сухопарый;
2) (о коне) поджарый (как будто подготовленный к скачкам);
жаадай арык кожа да кости;
жаа бою качат он бежит на расстояние выстрела из лука; он бежит как чёрт от ладана;
жаасы катуу требовательный, строгий.
жаа II
жаа бербей или ээ жаа бербей см. ээ II.
жаа- III
1. (о снеге, дожде) идти;
жамгыр жаайт или күн жаайт дождь идёт;
тийип жааган күн слепой дождь;
күлүп сүйлөгөн кишиден түңүл, тийип жааган күндөн түңүл погов. не верь человеку, который говорит смеясь (несерьёзно), не верь слепому дождю (он кратковременный, пользы не принесёт);
2. перен. сыпаться;
шылдың сөздөр жаай баштады посыпались шутки.

жаа

  • арка
  • арочный
  • дуга
  • лук (стрела)
  • радуга
  • ЖАА

    ЖАА — жебе менен атуучу жоокердик курал. Дого сымал ийилген серпилгич катуу жыгачтын эки учу жип тептир менен катуу тартылып байланат. Жебенин түп жагын Ж-нын тептиргесине такай катуу тартып туруп, мээлеген нерсени көздөй коё берет. Ж. адамзат тарыхынын бардык этаптарында: согуштук беттешүүлөрдө, уучулукта, мелдештерде (жамбы атуу) кеңири пайдаланылган. Ж. дүйнөнүн бардык элдеринде (Австралия менен Микронезиянын жергиликтүү элдеринен башка) мезолит (б. з. ч. 12—7-к) доорунан б. з. 17-кылымына (кээ бир жерлерде азыр да бар) чейин колдонулган. Ж-нын жөнөкөй жана татаал түрү бар.


    Жөнөкөй Ж. тептирге, Ж. жыгач, жебе, саадак деп аталган бөлүктөрдөн турат. Адамдар Ж-нын бул түрүн Түштүк Африка, Түштүк Америка, Меланезия, Рим, Байыркы Германияда урунган. Татаал Ж-ны жасаганда, жыгачынын сырт жагына майда таралган тарамышты жыш желимдеп, ич жаккы бетин жука мүйүз менен каптайт, эки четине жана ортосундагы кармоочуна сөөктөн эн кыят. Мындай Ж-ларды гунндар, Орто Азия жана Сибирь элдери, скиф жана сармат уруулары биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта эле колдонушкан. Кыргыз эли урунган Ж. жасалышы боюнча кытай, моңгол, араб элдерине мүнөздүү татаал Ж. түрүнө кирет. Мындай Ж-лар жергебизде кенен жолугуучу сак, усун этносторунун маданиятынан (б. з. ч. 6 — 2-кылымдарда) жана байыркы кыргыз доорунун эстеликтеринен да (6 — 10-к.) жолугат. Атак-даңктуу баатырлардын өздөрүнө гана таандык-ЭКсы болуп, ага алтын, күмүш, асыл таш чөгөрүлүп өзгөчө кооздолгон.
    Ж. түрк-моңгол элдеринин эпосторунун сюжетинде жана поэтикасында көрүнүктүү орунду ээлейт. Түрк-моңгол элдеринин эпосторунда Ж. мүйүздөн кураштырылып жасалгандыгы айтылат. Тува эпосунда Ж. жетимиш тоо эчкисинин мүйүзүнөн бири-бирине туташтырылып жасалгандыгы, жебеси кара эчкинин бүтүн терисинен жасалгандыгы айтылат. «Манас» эпосунда Ж-нын эмнеден, кантип жасалгандыгы эпостун «Чоң казат» бөлүмүндө кеңири сүрөттөлөт.
    К. Айдаркулов

    жаа

    жаа (курал)
    жаа разряды

    жаа-

    жаа-

    жаа

    жаа (аталгы)

    жаа

    жаа (бүркүт кармоочу
    курал)

    жаа

    жаа (күндүн желеси)

    жаа

    жаа (көктү кере турган
    буюм)

    жаа

    жаа
    жаа бербөө
    жаа бою качуу
    жаасы катуу
    жаасын салуу

    жаа

    I зат. Дого сыяктуу ийилип, эки башы эшилген кайыш же бышык чыйратылган жип менен кере тартылып, жебе менен атууга ылайыкталган курал. Жаа тартууга ыктуусуң, Төштүк, Мергендик жакка шыктуусуң, Төштүк («Эр Төштүк»). Кара чыйырчык көрсөңөр, Атпагыла жаа менен (Осмонов).
    ¨ Жаа бербөө же ээ-жаа бербөө к. ээ II. Жаасы катуу — талабы катуу, катуу кармаган, аркы-беркиге көнбөгөн, катаал. Жеңемдин жаасы катуу (Байтемиров). Экөөнүн жаасынын катуулугуна карабастан, Тенти башын чайкады (Бейшеналиев).
    ЖАА II жаачы II менен бирдей.
    ЖАА III этиш. 1. Жамгыр, кар, мөндүр түшүү, куюлуу. Күүгүм кире күн дыбырап жаап кирди (Байтемиров). Сонор кууган аңчыга, Кыламык жааган кар жакшы («Мендирман»).
    1. 2.                 Үзгүлтүксүз себиле берүү, түшүп туруу (мис., ок). Ок мөндүрдөй жаады.
    2. 3.                 Үстөкө -босток, үстү-үстүнө айтыла берүү, көп суроо берилүү. Олтургандардын арасынан какшыктуу шылдың сөздөр жаай баштады (Жантөшев). Суроо жамгырдай жаады.

    Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
    strtoupper(KG)
    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: