-
БАБЫР
-
БАБЫР, Бабыркан— эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында эпостун ата-тек санжыра саптарында Манастын түпкү аталарынын бири делип айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 15, 270; 2. 28, 34, 363, 364). Элдик оозеки чыгармалар улам кийинки доорлордогу урунттуу окуяларды, баатырлардын иш-аракеттерин өз ичине сиңирип жүрүп олтурат. Мына ушул өзгөчөлүктөрдүн негизинде атактуу тарыхый инсан Закиридин Бабырдын ысмы эпоско кириши мүмкүн. Бирок «кабылан» деген мааниге ээ иран сөзү «бабр» тотем жаныбар — түпкү бабанын атын билдирип, эпостон байыртан орун алып келатышы да ыктымал.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
БАБЫР