|
Аскерден качуу
|
|
АСКЕРДЕН КАЧУУ – аскердик милдетин өтөөдөн баштартуу максатында аскер бөлүгүн же кызмат ордун өзбетинче таштап кетүү коштогон аскердик кылмыш. А. к.: а) кылмыш кызмат өтөө куралы менен кошо качуу; б) алдынала макулдашып алуу же уюшма топ тарабынан жасалган качуу болуп жиктелет. Биринчи жолу качкан аскер кызматкери оор жагдайдан улам жасалган болсо, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.
|