Меню
Эл-Сөздүк

БАДАҢ

БАДАҢ — эпизоддук кейипкер, калмак аяры. Кыргыздар Ала-Тоону душмандан бошоткондо капчыгайды бөгөп сарай болуп, Кайыпкан баштаган колдун жолун тосот. Таскыл аяр экөө аярлык өнөрлөрүнүн жардамы менен түрдүүчө кубулуп, көпкө кармашышат. Аягында Б. жеңилет, түлкү болгон Б-дын терисин таскыл тирүүлөй сыйрыйт. Кайыпкандын иниси Кошумбек түлкүнүн мурдунун учун кесип алгандан кийин гана Б. аяр өлөт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 501 — 511-б.).

БАДАҢ

БАДАҢ — эпизоддук кейипкер, бий. Алмамбеттин келишиндеги кан тартуу ырасминде аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 318).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: