ЭШМЕ «Көбүгүбүз көгөт эшет, Айраныбыз аркан эшет» (элдик оозеки адабият). Тытылган койдун жүнүнөн, эчкинин, топоздун кылтагынан, жылкынын куйрук-жалынан түйдөктөп, чыйратуу менен жип кылуу. Малдын түгү эшмечиликтин негизин түзөт.